Шейшемби, 23 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бишкек “жашыл шаар” макамын кайтаруу аракетин көрөт

Бишкек шаарын кантип өркүндөтүп, “Жашыл шаар” макамын кайтаруу керек? Эксперттер жана демилгелүү жаштар тегерек столдо ушул суроолордун айласында ой жүгүртүшту. Башаламан имараттар, өнүкпөгөн инфраструктура, Ушул көйгөйлөрдүн бардыгы шаардын өнүгүүсүн жайлатат дешет адистер.

Жоопкерчиликтүү Президент — өлкөгө инвесторлорду тартып келет. Мындай пикирлер “Кыргызстан — туруксуздук мезгилинен чыгуу” аттуу тегерек стол учурунда айтылды. Белгилей кетчү жагдай Конституциянын учурдагы вариантында өлкө башчынын жоопкерчилиги тууралуу жазылган эмес, ал эми Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда Президент аткаруу бийлиги жана министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнө жоопкерчилик алат.

Азык түлүктүн жана күйүүчү-майлоочу майлардын баасын атайылап көтөрүп, чайкоочулук кылгандарга карата мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт. Бул туурасында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров билдирди. Ушу тапта бааларга күн сайын мониторинг жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, товар ташып келчү ассоциация жана ири соода борборлору менен үзгүлтүксүз сүйлөшүүлөр улантылууда.

Президент Садыр Жапаров Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында өлкөнүн бардык аймактарынан келген, ар кайсы кесиптердин өкүлдөрү болгон айымдар менен жолугушту. Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, Кыргызстандын соӊку тарыхындагы оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраттуулугу менен көтөрүп, жеӊип чыккандыгын белгиледи. Садыр Жапаров азыр кайсы тармакта болбосун айымдардан чыккан лидерлер өзгөчөлөнүп, медицина, билим берүү, бизнес, укук коргоо тармактарын жандантып, өнүгүүгө өз салымдарын кошуп келе жаткандыгына токтолду.

Токмок шаарында атайын даярдыктагы аскер кызматкерлеринин Ан-26 учагынан парашют менен секирүү боюнча кезектеги машыгуусу болуп өттү. Аскерлер 600 жана бир жарым миң метр бийиктиктен парашют менен секиришип, даярдыкты ийгиликтүү аякташты. Машыгууга катышууга жалпысынан атайын даярдыктагы 35тей аскер кызматкери уруксаат алган. Алар Кант шаарынан учуп чыгып, Токмоктун тушунан жерге түшүштү.

Жерүй алтын кенинде иштегендердин 80%ы — жергиликтүү жашоочулар. Талас облусунун тургундарынын арасынан чыккан ар кандай нааразычылыктарынан улам, биринчи-вице-премьер министр Артем Новиковдун тапшырмасы менен кендин жаратылышка жана жергиликтүү жашоочуларга терс кесепетинин бар-жогу текшерилүүдө.

«Жаштар парламенти» долбоорунун бүтүрүүчүлөрү экономиканын ар түрдүү секторлоруна өз салымдарын кошуп келүүдө. Мындай платформа катышуучуларга жаңы бийиктиктерге жетишүүгө түрткү берди дешет уюштуруучулар. 4-мартта алар өздөрүнүн түзүлгөндүгүнүн датасын белгилешти.

Улутка болгон мамиле баш кийимди сыйлоодон башталат. Мындан улам улуттук баш кийимдердин баркын көтөрүү, аны аздектөө үчүн 2016-жылдан бери “Ак калпак” күнү белгиленип келет. Буга ылайык, 4-мартта баш калаада улуттук кийимдердин парады өттү.