Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

ДЦП — бул чек эмес// ТУРМУШ

Кыргызстандын президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча жаңы кеңеш түзүлдү. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койду. Бул орган сот жана укук коргоо ишине, анын ичинде аткаруу өндүрүшүнө жана жазык-аткаруу системасына тиешелүү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча стратегиялардын долбоорлорун даярдайт. Жаңы кеңешти түзүү канчалык орундуу, анын мурдагысынан кандай айырмасы бар?

Жакында Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда маданий кызматташтыктын жаңы барагы ачылып, анын жаңы доору башталышы мүмкүн. Түрк дүйнөсүнүн лидерлери бул жаатта мамилелерин тереңдетүү ниеттери бар экенин 31-мартта өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитинде билдиришти. Бир тууган элдер менен Маданият жана туризм тармагындагы кызматташтык тууралуу кийинки материалда.

Бир жумадан бери коронавируска каршы эмдөө жүрүп жатат. Бул убакыт аралыгында 417 адамд эмдөөдөн өткөнгө жетишти. Азыркы тапта бардыгынын абалы канааттандырарлык дейт дарыгерлер. Кыргызстан пайдаланып жаткан Кытайдын «Синфорам» вакцинасын кимдер ала алышат?

Референдумга чыгырылып жаткан Баш мыйзамдын жаңы долбооруна коомдун руханий-маданий негиздери аталышындагы жаңы глава киргизилген. Анда коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсү илимий изилдөөлөргө, заманбап технологияларга жана инновацияларга таянары көрсөтүлгөн. Мамлекет менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында билим берүүнүн баардык түрлөрүн колдойт жана мамлекет ар бир окуучуга, окутуунун сапатына жана педагогикалык кызматкердин статусун жогорулатууга кам көрөт. Жаңы беренелердин артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү Бишкек шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын студенттери менен мамлекеттин тагдырына кайдыгер карабаган коомдук ишмерлеринин ортосунда жолугушууда талкууланып, пикирлер ортого салынды.

Бардык мамлекеттик органдарда карама-каршылыктар болбошу үчүн мыйзамдарга инвентаризациялоо жүргүзүлүп, өзгөртүүлөр сунушталышы зарыл. Бул үчун ведомстволорго 10-апрелге дейре убакыт берилди. Мындай иш-чаралар Президенттин ишкердикти колдоо жана коргоого багытталган жарлыктарын аткаруу менен бизнеске жагымдуу шарт түзүп берет. Ошондой эле ички тоскоолдуктарды жоюп, кагаз менен иштөө процесстерин жөнөкөйлөтүү кажет.

Садыр Жапаров ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн өлкө жарандарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Президент иш-чаранын катышуучуларын мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктап, аларга чың ден соолук, ийгилик жана бакубатчылык каалады. Сыйлыктар 125 адамга тапшырылды. Алардын арасында врачтар, мугалимдер, спорт машыктыруучулары, журналисттер, маданият ишмерлери, ишкерлер бар. Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу Жарлыктарга 2020-жылдын август айында кол коюлган.