Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

КОНСТИТУЦИЯ КООМДУ РУХАНИЙ ЖАКТАН ӨЗГӨРТӨ АЛАБЫ? //АКЦЕНТ

Мобилдик топтор эпидемиологиялык кырдаал татаалдашкандыгына байланыштуу коомдук транспортто санитардык ченемдерди сактоо боюнча рейддерди күчөттү. Бүгүн мындай иш-чаралар коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында өткөрүлүп, жүргүнчүлөрго тушүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эреже баш ийбеген айдоочуларга айып салынды.

Бишкек шаарындагы «Эльдорадо» соода борборунун имаратында калкты тейлөө борбору ишке берилди. Кыргызстандагы 27- борбордун ачылыш аземине премьер-министр Улукбек Марипов катышты. Өкмөт башчысы белгилегендей, 1-июнга чейин Ысык-Көл, Нарын, Ош, Баткен жана Чүй облустарында жалпысынан 9 калкты тейлөө борборлору ачылат. Жаңы форматтагы мындай жайлар калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздап, документтерди алуунун процесстерин жеңилдетет.

Жергиликтүү кеңештин депутаттары менен референдумга добуш берүү бир күн калды. 11-апрелде өлкөнүн келечеги тандалат. Анда кыргызстандыктар жаңы мыйзамга макул же каршы экенин беллдиришет. Бүткүл элдик добуш берүү үчүн 2 миң 483 шайлоо тилкеси камдалды. Ал эми жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 2 миң 273 участкада жүргүзүлөт. Бардык шайлоо участкаларына автоматтык эсептөө урналары орнотулду жана шайлоо бюллетендер жеткирилди. жекшемби күнү эртең мененки саат 8де шайлоо тилкелери салттуу түрдө жапырт ачылат.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн татыктуу кызматкерлерди аныктоо жана туура тандоону камсыз кылуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кызматкерлерин аттестациядан өткөрдү. Ал негизги үч этаптан турат. Анда куткаруучулардын теориялык, практикалык жана физикалык даярдыгы текшерилет.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк дарыгерлер ушул айдан баштап эки эселенген маяна ала баштайт. Тактап айтканда Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринин айлык акылары апрель айынан баштап 100% га көтөрүлдү. Ал эми Саламаттык сактоо тутумунун башка категориядагы кызматкерлеринин айлыгы июль айынан баштап 40 жана 50 пайызга жогорулайт. Кубанычтуу кабарды президент Садыр Жапаров социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу жарыялаган.

Кыргызстандын аймагына ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды ташыган импорттоочулар электрондук коштомо кагаздарды “Жыйынды пост” маалыматтык системасы аркылуу тариздеши керек. Ал автоматташтырылган системаны колдонуу ички чек араларда товарларды жана транспорттук каражаттарды эсепке алуу процессин тездетет.

Конституциянын жалпы элдик добуш берүүгө коюла турчу долбоорун Жогорку окуу жайларда тааныштыруу кампаниясы уланууда. Бул ирет жарандык активист, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнөн түзүлгөн ыктыярдуу топ Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушту. Референдумдун алдында мындай иш-чаралардын мааниси жогору дешет уюштуруучулар.

Шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Айзада Канатбекованы ала качууга жардам берген экинчи шектүү кармалганын кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай 32 жаштагы шектүү шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал ортодо коомчулук кыз ала качууга карата кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү талабын коюуда. Мындай кадам жогорудагыдай каргашаларды алдын алууга көмөк болобу?

Бишкекте Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыш жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун жолугушуусу болуп өттү. Эки өлкөнүн министрлери Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу Европанын 6 өлкөсүнө виза берүү боюнча макулдашууларга жетишишти.

«Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү концепциясы 2021 — 26 жылга эсептелген. Ага улай Ведомстволор аралык жумушчу топ бүгүн биринчи отурумун өткөрдү. Мамлекеттик органдар көзкарандысыз эксперттер, тарыхчылар, юристтер менен бирдикте концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууда.

Президент Садыр Жапаров Айзада Канатбекованын ишин жеке көзөмөлүнө алды. Мамлекет башчысы бул иш аягына чыгарылып, жазасы сөзсүз болорун эскертти. Жапаров Айзада Канатбекованы ала качып, ага ушунчалык ырайымсыз мамиле кылган кайгылуу окуя, тарыхта ала качуунун акыркысы болушу керек экенин билдирди. 7-апрелде Чүй облусунун Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаадан табылган 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү кыргызстандыктарды кайдыгер калтырган жок. Алар ИИМдин, өкмөт үйүнүн алдына акцияга чыгып, сотко чейинки тергөө амалдары дыкат текшерилип, күнөлүүлөрдү жазага тартууну талап кылышты.