Шейшемби, 23 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

ИИМ: Өлкө аймагында шайлоо өз нугунда жүрүп жатат. Абал тынч

Өлкө аймагында шайлоо өз нугунда жүрүп жатат. Жалпысынан абал тынч. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, ордо калаада коомдук тартипти эки миңдей милиционер камсыздап жатат. Ал эми шайлоо өнөктүгүнө эл аралык байкоочулар мониторинг жүргүзүп жатышат. Коомдук байкоочулар дагы бар. Алар ар бир тилкедеги шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө, коомдук тартипке, деги эле шайлоонун жүрүшүнө баа беришүүдө. Алардын айтымында, негизинен шайлоо таза өтүүдө. Бирок майда-чүйдө мыйзам бузуу фактылары дагы бар.

Кыргызстанда 30 жыл аралыгында биринчи жолу Баш мыйзамдын жаңы долбоору юристтердин, коомдук ишмерлердин, адистердин жана элдин оюн эске алуу менен даярдалды. Мындай пикирин Садыр Жапаров мекендештерге кайрылып жатып билдирди. Атуулдук милдетин аткарып, Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо жана Конституция боюнча референдумда добушун берген мамлекет башчысы: «Бүгүнкү өнөктүк административдик ресурстар колдонулбастан, адилеттүү, калыс өткөрүлүшү керек” деген пикирин айтты.

Ал арада ыкчам чара көрүү координациялык тобуна келген 25 билдирүүнүн 12си такталды. 13 маалымат боюнча укук коргоо органдары тиешелүү иштерди улантууда. Арыз-даттанууларды эске алуу менен күн мурун 15 шайлоо тилкесинен тыш жакта добуш берген шайлоочулардын добуштары жокко чыгарылды.

11-апрелде жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана референдум күнүнө карата Кыргызстанда эртең мененки саат 8.00дөн баштап шайлоо тилкелери ачылды. Анда жарандар 28 шаардык кеңешке 796 депутатты, ал эми 420 айылдык кеңешке 7560 эл өкүлүн шайлайт. Ошондой эле Баш мыйзамдын жаңы долбооруна добуш берет.