Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жетиген – кыргыздын байыркы музыкалык аспабы// Көрөңгө

Өлкө аймагында шайлоо өз нугунда жана тынч өттү. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, ордо калаада коомдук тартипти эки миңдей милиционер камсыздады. Ал эми шайлоо өнөктүгүнө эл аралык байкоочулар мониторинг жүргүздү. Коомдук байкоочулар дагы бар. Алар ар бир тилкедеги шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө, коомдук тартипке, деги эле шайлоонун жүрүшүнө баа беришти. Алардын айтымында, негизинен шайлоо таза өттү.

Саат жебеси 20:00дү кагары менен Кыргызстандын аймагында ачылган 2435 шайлоо тилкеси жабылды. БШКнын электрондук маалымат базасына аймактык шайлоо комиссияларынан автоматтык эсептөө урналардан алдын ала алынган маалыматтар келип түшө баштады. Муну менен катар бюллетендер кол менен да кайра саналып, жыйынтыктар чыгарылат.

Кайрадан күндүн темасына кайтып келсек. Кыргызстанда шайлоочулардын көпчүлүк бөлүгүн жаштар түзөт. Алар бүгүнкү Референдумда келечекке кайдыгер карабай турганын далилдей алышты. Буга чейин Конституцияны этибар албаган жаш муун өлкөнүн эртеңи Референдумдан көз каранды деп эсептейт.