Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

С.Жапаров: ЕККУ Кыргызстанга тең укуктуу диалог үчүн маанилүү аянтча

Кыргызстан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун аймагында эркиндик, демократия жана коопсуздук идеяларына берилген өлкө бойдон кала берет. Бул туурасында Президент ЕККУнун учурдагы төрайымы Анн Линде менен жолугушканда ырастады. Ошону менен бирге Садыр Жапаров Швециянын коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасына токтолуп, экология менен айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Мамлекет башчысы өткөөл мезгилдин аякташын айтып, өлкөдөгү шайлоо иш-чараларын өткөрүүдө эл аралык байкоочулардын ролун баса белгиледи. Ал Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, бардык жоопкерчилик президентке жүктөлгөнүн айтып, анын кабыл алынышы өлкөдөгү тартипти чыңдап, андан ары өнүгүшүнө кепилдик берет деп ишенерин билдирди. Өз кезегинде Анн Линде гендердик теңчилик маселесине токтолуп, Кыргызстанды жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аялдарга 30 пайыздык квота киргизген региондогу биринчи өлкөлөрдүн бири катары куттуктады.

Кыргызстандын аймагында жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Айрым аймактарда айдоо иштери бүтүп калганы менен айрым жерлерде эми башталганы турат. Дыйкандардын айтымында, быйыл селитра жана күйүүчү майдын баасы салыштырмалуу кымбат. Ага карабастан фермерлер ар кандай өсүмдүктөрдүн түрлөрүн эгип, түшүмдүн мол болушун тилеп жатышат.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча, шайлоочулардын 80 пайыздан ашыгы жаңы Баш мыйзамдын долбоорун колдошту. Тагыраагы, 1 млн 59 миң 476 жаран “макул”, ал эми 182 миң 553 шайлоочу “каршы” добушун берди. Бүткүл элдик добуш берүүгө шайлоочулардын 37 пайызы катышты. Бул алдын ала чыгарылган маалымат гана болуп саналат. Ал арада бюллетендерди колго эсептөө уланууда. Боршайком референдумдун соңку жыйынтыктарын үч жуманын ичинде жарыялайт.

Бир жылдан ашык убакыттан бери дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салып келген коронавирус инфекциясы дагы эле кулачын жайып, күчүн жогото элек. Акыркы күндөрү биздин республикада, айрыкча борбор калаада жугуштуу илдетке байланышкан эпидемиологиялык абал кайрадан курчуп жатат. Оорунун айынан каза тапкандардын саны күн санап өсүүдө. Тилекке каршы, өткөн суткада 4 адам көз жумду. Дарыгерлер вирус менен күрөшүү үчүн болгон күч-аракетин жумшоодо. Бирок дартка каршы жапа тырмак күрөшүп гана туруштук бере алабыз дешет адистер.

Ыйык Орозо айынын башталышы менен президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды куттуктады.

Ушу тапта Бишкекте иш сапары менен жүргөн ЕККУнун учурдагы төрайымы, Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды. Айрыкча экономикалык жактан байланыштарды кеңейтип, гидроэнергетика, кен байлыктарды иштетүү , маалыматтык-технология жана туризм тармагында иш алып баруу зарылдыгы белгиленди.

Элдин жаңы Конституциянын долбооруна болгон ишеними күч. Эми, анын мыйзамдарына ылайык жашап, мурда жарыяланган бардык пландарды ишке ашыруу керек дешет эксперттер. Себеби, мыйзамдардын шайкеш келбегендигинен улам, өлкөдө башаламандык болуп келген.

Кыргызстанда референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо таза, ачык жана адилеттүү өттү. Бул жөнүндө бүгүн эл аралык байкоочулар миссиясынын башчылары жана өкүлдөрү БШКдагы брифинг учурунда билдиришти. Миссия башчылары жарандарды шайлоого активдүү катышканын белгилешти. Ошондой эле Кыргызстан шайлоо өткөрүүдө заманбап технологияларды колдонууда алдыда экенин белгилешти.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрилигинин эки кызматкери кызматтык батирге ээ болушту. Үйдүн ачкычтарын аларга ведомствонун жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев тапшырды. Министр батирлер өлкө башчысынын демилгеси менен берилип жатканын айтат.

Туура алтымыш жыл мурун Юрий Гагарин биринчилерден болуп космоско учкан. Ошол күндөн тарта Космонавтика күнү белгиленип келет. Бул күндүн урматына борбор кааладагы мектептердин бирине Гагриндин бюсту орнотулду.

11-апрелдеги шайлоонун жүрүшүндө ИИМге 111 маалымат келип түшкөн. Учурда добуш сатып алуу боюнча 3 кылмыш иши козголсо, калгандары боюнча иликтөөлөр жүргүзүлүп жатканын Тергөө кызматынан кабарлашты. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова алдын ала эсептөөлөр боюнча жеңишке жетишкен партиялардын добуш сатып алганы аныкталса, жарыштан четтетүүгө чейинки чара колдонула турганын эскертти. Шайлоонун жүрүшүнө байкоо салып турган серепчилер болсо бул ирет мамлекеттик органдар тарабынан эч кандай кысым болбогонун, тигил-же бул партияга добуш топтоо талаптары колдонулбагандыгын билдирип жатышат.

Борбордук шайлоо комиссиясы референдумдун акыркы жыйынтыктарын үч жуманын ичинде, тагыраагы экинчи майга чейин жарыялайт. Ал эми добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыктары боюнча, шайлоо участкаларына келген кыргызстандыктардын 79 пайыздан ашыгы Конституциянын жаңы редакциясын колдогондугу белгилүү болду. Бул 1 миллион 59 миң адам.