Шейшемби, 23 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Улуу Рамазан айы// САБЫРДУУЛУК

Мурунку жана учурдагы жогорку кызматтагы аткаминерлердин чуулгандуу иштери, миллиондогон акчаларды уурдоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери. Садыр Жапаров өлкө башчысы болуп шайланганга чейин эле коррупцияга каршы күрөшүүгө убада берген. Айрым камакка алууларды ачык эле саясий куугунтук деп атап жаткандар да жок эмес. Бирок ошол камакка алынган «таза эмес» мамлекеттик кызматкерлердин байлыкты кантип топтогондугун калайык калк жакшы билет.

Бийликтин ээси президент эмес, эл! Жаңы Баш мыйзамдын долбооруна ылайык, мамлекет башчы аткаруу бийлигин жетектейт. Бул «бардык бийлик, ыйгарым укукту өзүнө алып алды» дегенди түшүндүрбөйт. Президентке берген укуктардан да ага болгон милдети күчөтүлгөнүн айткан серепчилер, мамлекет башчы менен бийликтин ээсин алмаштырбоого чакырышат.

«COVID-19суз саякаттайм» долбоорунун маалыматтык тутуму менен 2 миңден ашуун жаран пайдаланды. Аталган платформа пандемия маалында жарандардын кыймылы чектелгенге байланыштуу ЕАЭБ өлкөлөрүндө начарлаган экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган. Мобилдик тиркеме колдонуучуга ишенимдүү лабораторияларда өткөрүлгөн тесттердин жыйынтыгын дароо телефону аркылуу алууга мүмкүндүк берет. Учурда Саламаттык сактоо министрлиги 4 жеке лабораторияны тутумга кошуу иштерин алып барууда.

Өткөн дем алыш күнү болгон шайлоодон баштап азыркы күнгө чейин БШКнын дарегине 300дөн ашуун арыз-даттануу, билдирүү келип түшкөн. Тиешелүү мыйзамдарга ылайык, 20 күндүн ичинде аймактык шайлоо комиссиялары маалыматтарды карап, тийиштүү чечимдерин БШКга жиберет. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгондор борбор калаада акцияларды уюштурушууда. Бир катар талаптарын билдирип чыккандардын артында башка кызыкчылыктары үчүн жан үрөп жүргөндөр экендигин эксперттер билдирет. Ал арада жарандар мамлекетке тынчтык, стабилдүүлүк жана саясий туруктуулуктун сакталышы башкы максат болушу зарыл. Анткени шайлоо жыйынтыгы элдин тандоосун далилдеп турат дешет.

Кыргызстанда каралбай калган эстеликтердин бардыгы оңдолот, тарыхый жерлер калыбына келтирилет. Өлкө башчысы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Бишкек шаарынын мэрине мындай объектилерге өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын берди. Анын алкагында Бишкектеги “Темир усталар сепили“ деп аталып жүргөн байыркы Жуль шаарынын орду маданий жайга айланат.

Коронавируска кабылган бейтаптардын саны күн санап өсүүдө. Бир сутка ичинде өлкө боюнча илдет 305 кишиден табылды. Республикалык штабдан кабарлашкандай, 15-апрелге карата эң көбү Бишкекте — 186; андан соң Чүйдө — 89 учур. Ооруну жуктургандар башка облустарда, аздан болсо да, катталууда. Тилекке каршы, акыркы суткада коронавирустан алты киши каза тапты. Ал эми азыркы тапта стационарларда — 1010, амбулатордук шартта 1139 бейтап дарыланууда. Мына ушул дүйнөнү дүрбөлөңгө салган инфекцияны илештирип алган мекендештерден бүгүн Президент кабар алды. Өлкөдөгү ири делген медициналык мекемелердеги «кызыл зоналарга» барган Садыр Жапаров дарыгерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу, айлык акыларын көтөрүү боюнча күч-аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.

Ак Мөөр менен Болоттун трагедиялуу сүйүү баяны кайрадан театр сахнасында. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында спектаклдин генералдык репетициясы болуп өттү.

Келечек жаштардын колунда демекчи, жаш муунду улуттук баалуулуктарда тарбиялоо маанилүү. Өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон алгачкы Жарлык дагы мына ушул инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө болгон. Аталган жарлыктын концепциясы иштелип бүттү. Ал 1-июнда коомчулукка чыгарылат. Документте эмнелер камтылды?

Кыргызстанда жеңил өнөр жайдын 80%ы тигүү тармагына туура келет. Пандемияга чейин кыргыз тикмечилери 155 млн АКШ долларына чейинки суммадагы товарларды экспорттосо, 2020-жылы бул көрсөткүч болгону 94 млн АКШ долларын түзгөн. Демек миңдеген жарандар эмгектенген аталган тармак мамлекеттин өзгөчө колдоосуна муктаж. Бул жаатта Өкмөттүн аракети кандай? Аткаруу бийлиги кабыл алган чечимдер качан жемишин берет?

Акыркы 4 айдагы анти-рекорд! Кыргызстанда соңку бир күндө коронавирустун 240 жаңы учуру катталды! Анын ичинен дартты жугузуп алгандардын 133ү борбор калаа тургундары. Кечээтен бери 161 адам айыгып ооруканалардан чыгарылды. Тилекке каршы акыркы суткада вирустан дагы эки бейтап каза болду. Статистика кырдаал кандайча өзгөрүп жатканын түшүнүүгө жардам берет. (1)Ал эми коргоонун эң ишенимдүү каражаты эмдөө болуп саналат. Азыр биздин мамлекетте эмдөөнүн биринчи этабы жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин өлкөнүн бардык аймактарынан 4 миңге жакын адам вакцинациядан өттү. Алар: дарыгерлер, мугалим, укук коргоо жана башка мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле 65 жаштан ашкан кары-картаңдар.