Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

УЛУУ РАМАЗАН АЙЫ// ТОБО КЕЛТИРҮҮ

Коронавирус темасмын улай, бүгүн Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев атайын маалымат жыйын учурунда чогулган журналисттердин алдында “Ысык-Көл” тамыры” аталышындагы уу коргошунду ичти. Анын айтымында уу коргошун коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоодо пайдасын берүүдө. Министр ушул убакка чейин 300дөй адам бул дарыдан айыкканын кошумчалады. Ошол эле маалда министр уу коргошунду өз алдынча ичпөөгө үндөдү. Анткени дарыны туура эмес колдонууда өмүргө коркунуч алып келет.

Жаны Конституцияда адамдын жана жарандын укуктары, анын ичинде балдар менен аялдарыдын укуктарына өзгөчө маани берилди. Ага ылайык, нормалар бекемделип, жаңы беренелер менен толукталды. Эми Президентке караштуу балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу Өкүл дайындалып, балдардын укуктарын коргоону колго алат.

Айлык маянанын төмөндүгүнө байланыштуу ишин таштаган медициналык кызматкерлерден улам бүгүнкү күндө пайда болгон 3 миң жумуш ордун толтуруу мерчемделүүдө. Бул тууралуу президент бейшемби күнү Бишкек жана Чүй облусундагы медициналык мекемелердин коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкунуна даярдыгын текшергенде билдирди. Мамлекет башчысы дарыгерлердин негизги проблемалары, алардын ичинде эмгек акыларын жогорулатуу жана иштөө шарттарын жакшыртуу мамлекеттин көңүл чордонунда турганын, алар артыкчылыктуу тартипте караларын баса белгиледи. Жапаровдун айтымында мамлекеттик ипотекалык насыя берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөтүү боюнча план иштелип жатат. Анын алкагында өлкөнүн дарыгерлери жана мугалимдери үй сатып алуу үчүн төмөнкү пайыздык насыяларды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. (1)Ал эми Апрель айынан тарта Үй-бүлөлүк медициналык борборлордо эмгектенген Өмүр сакчылары эки эсе жогорулатылган айлык акыларын колдоруна ала баштайт. Ак халатчандар маяналарынын 100 пайызга көтөрүлгөнүн мамлекеттин камкордугу катары баалашууда. Учурда өкмөт дарыгерлер менен бирге маданият кызматкерлеринин да айлыгын жогорулатуу боюнча иш алып барууда.

Бишкек баатыр — борбор шаарыбыздын алгачкы пайдубалдарын курган, 18-19-кылымдарда жашаган кыргыз тарыхында өз орду бар инсан. Ал айтылуу Солто уурсунун Жоочалыс уругунан чыккан Кенендин уулу. 1926-жылга чейин Пишкек аталып келген шаарыбыздын аты кийин Фрунзеге өзгөртүлүп, 1991-жылы кайрадан Бишкек аты берилген.