Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Өлкөдө 9 жарым миңден ашык кыргызстандык эмдөөдөн өттү

COVID-19га каршы эмдөө уланууда. Ушул күнгө чейин 9 жарым миңден ашык кыргызстандык эмдөөдөн өттү. Алар дарыгерлер, мугалимдер, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Вакцинация алгандар өздөрүн жана жакындарын коронавирустун жакындап келе жаткан үчүнчү толкунунан коргоону максат кылышкан. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшы деп айтууга болбойт. Анткени өткөн суткада эле оорунун 212 жаңы учуру аныкталды. Алардын ичинен оору жуккандардын дээрлик 70% борбор калаада. Дарыгерлер өз кезегинде жарандарды санитардык талаптарды сактоого үндөп келишет.

Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баа ЕАЭБге мүчө өлкөлөр арасында арзан. Республика Россиядан 1,1 миллион тонна күйүүчү-майлоочу материалдарды пошлинасыз сатып алат. Эки өлкөнүн ортосундагы келишим нефть азыктарын ташууда бир топ жеңилдиктерди берүүдө. Мисалы, экспорттук пошлиналардын алып салынышы жыл башынан бери 4,2 миллион доллар үнөмдөөгө шарт түзгөн.

Кыргызстанда аялдар жалпы шайлоочулардын жарымынан көбүн, тагыраагы 52 % түзөт. Бирок буга карабастан айылдык кеңештерде аял депутаттардын саны 9 пайыздан ашчу эмес. Бул ирет жергиликтүү кеңештерди шайлоодо аялдарга 30 пайыздык квотаны берүү эрежеси алгачкы жолу колдонулгандыгын белгилей кетүү керек. Мыйзамга ылайык, 2, 3 мандаттуу шайлоо округдарында 1 мандат резервде калтырылат. 10 мандаттуу округдардан 3 орун, 15,16 мандаттуу шайлоо округдарында 5 мандат резервде болот.

Өлкөнүн өнүгүүсү, экономикалык өсүш жана социалдык абал- сот тутумунун акыйкатуулугунан көз каранды эмеспи. Кыргызстан — мыйзам жоболорун кынтыксыз аткарган, кабыл алган чечимдери боюнча калың элдин алдында жооп бере алган көз карандысыз сотторго муктаж. Бул багытта Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча атайын кеңеш түзүлдү. Аны өлкө башчысы Садыр Жапаров өзү жетектейт. Күч органдарынын жетекчилери, юристтер, адвокаттар жана коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган кеңешме кандай иштерди аткарат?