Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Парламент Ысык-Көлдө казино ачуу демилгесин биринчи окууда жактырды

Ысык-Көл облусундагы атайын аймакта чет элдик жарандар учүн гана Казинолордун ишмердүүлүгүнө уруксат берген мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып биринчи окууда жактырылды. Долбоорго ылайык кумар оюндарын ойноочу жайды Ысык-Көлдүн Тамчы аймагына салуу мерчемделүүдө. Демилгечилер кризис маалында бул долбоордон өлкө бюджетине ири каражат түшүп, кошумча иш орундары пайда болот деп ишендиришүүдө.

Эл аралык эксперттер «Түндүк» мамлекеттик ишканасынын IT платформаларын жогору баалашат. Борбордо 3 жыл ичинде 10дон ашык маалымат тутум ишке кирген. Корея өлкөсүнөн келген эл аралык адистер, мамлекеттик ишкананын IT кызматкерлери менен тажрыйба алмашты. Жакынкы күндөрү Кореядан 5 миллионго бааланган гранттык каражат «Түндүк» ишканасына бөлүнөт. Каражат менен мекемеде заманбап маалымат борбору курулат.

Жаратылышты биргеликте коргойбуз! Кыргызстандын демилегси БУУ тарабынан колдоо тапты. Биоартүрдүүлүктү калыбына келтирүү жана туруктуу пайдалануу жаатында трансчекаралык кызматташтык боюнча резолюция уюмдун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында каралды.Ошондой эле 60 мамлекет материалдык колдоо көрсөтөрүн билдирип, оң сунуштарын билдиришти.

Электр кубаты үчүн сунушталып жаткан тарифтер сентябрь айына чейин күчүнө кирбейт. Ага чейин ар бир кыргызстандык талкууга чыгарылган жаңы тарифтер боюнча сунуш-пикирлерин бере алат. Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев август айына дейре калктан түшкөн билдирүүлөр эске алынарын айтты. Мындан кийин гана долбоор даярдалып, өкмөткө жөнөтүлмөкчү. Эске салсак, кечээ Президент Садыр Жапаров энергетика тармагынын ардагерлери жана адистери менен болгон жолугушууда энергетикадагы кризистен чыгуу үчүн электр энергиясына болгон тарифтерди өзгөртүүнү сунуштаган.

Эл артист Султан Каримов жакында сахнага кайтып келет. Эстрада жанрын Кырггызстанда негиздегендердин бири болгон маданият ишмеринин ден-соолугунун абалы менен бүгүн президенттик аппаратын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалив таанышып келди.

Инвестицияларды коргоо Конституциялык мыйзамда кепилденет. Мамлекет ишкерлерди өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга кызыктыруу аракетин көрүүдө. Ага улай биринчи кезекте, мыйзамдарды өзгөртүү чечими кабыл алынууда. Себеби, текшерүүлөрдүн санын кыскартып, бизнестин ишине негизсиз кийлигишүүнү толугу менен жоюу керек. Ишкерлердин жана инвесторлордун көйгөйлөрү мамлекеттик деңгээлде кандайча чечилип жатат?