Шейшемби, 16 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Президенттин 3 айда аткарган ишмердүүлүгү

Былтыркы жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу быйыл Кыргызстанда экономикалык көрсөткүч 10 пайызга түшүп кеткен. Экономист серепчилер апрелдин соңуна чейин 15 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн деген ойдо. Президент Садыр Жапаровдун мамлекет башчы катар ишке киришкенден бүгүнкү күнгө чейин аткарган иштери.

Өлкөнүн энергетика тармагындагы көйгөйлөр 30 жыл аралыгында топтолуп калган. Анткени бул жылдар аралыгында бул тармакта алгылыктуу иштер жасалган эмес. Эксперттер бул тармактагы чыгымдар өтө чоң экендигин белгилешет. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн тариф маселесин кароо, ГЭСтерди куруу жана энергияны үнөмдөө керек. Эксперттер, экономисттер жана активисттер чогулуп энергетика тармагындагы учурдагы абалды, сунушталып жаткан тариф маселесин жана келечегин талкуулашты.

Борбор калаада электромобилдердин жана экомотоциклдердин жүрүшү өттү. Жүрүштү Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жетектеди. иш-чара Кыргызстандагы электр транспортун, тактап айтканда экомотоцикл идеясын жайылтуучу Ecobike, электр транспорт салонунун колдоосу менен өттү.

Тоо-кен тармагына инвесторлорду тартуу, кен чыккан аймактарда жумуш орундарын түзүү. Геология багытындагы адистер мындай план менен кризистен чыгып, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө болот деп ишенишет. Адистер аны ишке ашыруу үчүн алгач эле тоо-кен кодексин кабыл алуу керектигин айтышат.

Жер шарында экологиялык жактан таза энергия булактарын колдонууга өзгөчө маани берилип, ири долбоорлор ишке ашырылып келүүдө. Эми Кыргызстанда кайра жаралуучу булактардан энергияны үзгүлтүксүз чыгаруучу станциялардын жабдууларын курууга жер тилкелери берилет. Бул багытта Өкмөттүн кабыл алган токтому ички жана тышкы инвесторлорду тартууга жол ачууда. Эгер энергиянын кубаттуулугу ишкерлердин долбоорлору аркылуу кошумча булактардан өндүрулүп баштаса, мамлекеттин энергетикалык структурасын өркүндөтүүгө жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоого өбөлгө түзүлөт дешет адистер.

Президент Садыр Жапаров «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» улуттук сынагынын катышуучулары менен жолугушту. Мамлекет башчы жаштар азыркы учурда мамлекетти өнүктүрүүнүн стратегиялык ресурсу экендигин өзгөчө белгиледи. Президенттин пикиринде Жаштарды экономикалык өсүштүн жана муундардын бакубаттуулугун камсыздоочу эң баалуу кадрдык ресурс катары караса болот. Жапаров сынактынн жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырып, жаштардын ар кандай тематикадагы, кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Энергетикадагы кризистен чыгуу үчүн электр энергиясынын тарифин өзгөртүүнү өлкө башчысы сунуш кылган. Ал аз камсыз болгондорго жана тоолуу райондордо жашагандарга арзан тарифти калтырып, калган катмарга бааны жогорулатуу керек деп эсептейт. Бул туурасында Садыр Жапаров КТРКга берген маегинде билдирди. Мамлекет башчы энергетика тармагындагы көйгөйлөр 30 жылдан бери топтолуп калганын, азыр чечпесе, Кыргызстан жарыксыз каларын айткан.

«COVID-19суз саякаттоо» маалымат тутуму дүйнөнү дүрбөлөңгө салган инфекцияны ооздуктоонун каражаттарынын бирине айланууда. Учурда уюлдук тиркемени ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жарандары колдоно алышат. Платформа колдонуучуларына жакынкы лабораторияларды табууга гана жардам бербестен, коронавирустун бар-жогун аныктаган тестирлөөнүн жыйынтыгын дароо смартфонунан көрө алышат.