Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

«Равза» медресесинин окуучулары 3 айдын жүзүндө англисче үйрөнүп, сертификаткатка ээ болушту

Ар бир мамлекеттин коопсуздугу чек арадан башталат эмеспи. Чек арачы болуу мекенди коргоого чексиз берилгендикти жана кыраакылык менен эрдикти талап кылган ардактуу кесип. Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөнүнө быйыл туура 22 жыл толду. Аталган кызмат 1999-жылдын 28-майында президенттин жарлыгы менен негизделген. Бул датаны утурлай, өлкө башчысы Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Ага ылайык, бир катар аскер кызматкерлери ар кандай даражадагы мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.

Кумтөр кенин иштетүүдө экологиялык талаптарды аткарбай, табиятка олуттуу зыян тийгизген бардык тараптарды жоопко тартуу мезгил талабы. Бул тууралуу тоо-кен адистери жана экологдор мамлекеттик комиссия түзүлгөнгө чейин эле айтып келишкен. Учурда алар, тийиштүү жактарды мыйзамдуу түрдө жоопко тартууга толук негиз бар экенин билдиришет. Центерранын экологияга тийгизген зыяндары кантип эсептелүүдө?

Кыргызстанда маалыматтык саясат боюнча концепциянын долбоору иштелип чыкты. Ал жакын арада коомдук талкууга чыгарылат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигининен билдирмшкендей, долбоорду даярдоого ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, анын курамына медиаэксперттер, журналисттер кирген. Концепция коомчулук менен мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык боштуктун жаралбашына, өлкөдөгү маалыматтык саясатты жакшыртууга шарт түзөт.

Президент Садыр Жапаровдун Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын экинчи күнү уланууда. Бүгүн ажо Баткендин 17 айылы үчүн Исфана шаарына жетүүнү жеңилдеткен маанилүү жолдун курулушу менен таанышып, чек ара айылдарынын жабыркаган тургундары менен жолугушту. Президент Баткен эли менен эмнелерди сүйлөштү жана аймакты кандай өзгөрүүлөр күтөт?

27-май — Кыргызстанда китепкана күнү. Өлкөдө окурман журтту тейлеген китепкана тармагы улуттук маданияттын чоң курамдык бөлүгү катары өнүгүү жолунда. Алсак, 2011-жылы башталган электрондук китепкана түзүү кадамы. Бул китеп фонду жардыланып кеткен шартта интернет байланышы аркылуу окурмандын жаңы китеп жана күндөлүк басылма жаңылыктарына суроо-талабын орундатууга шарт түзүүдө.

Республикада азык-түлүккө болгон баалардын кескин өсүшү менен күрөшүп, анын кесепеттерин жоюуга аракеттер көрүлүүдө. Ушул жылдын башынан бери өсүмдүк майы дээрлик эки эсе кымбаттады. Ушул себептен өсүмдүк майына жана кумшекерге бааны убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди.

Коронавирустун жайылып жаткан пандемиясынан улам бир жылдан ашык убактан бери окуучулар онлайн форматта билим алып жатышат. Билим берүү системасы дагы учурдун талабына ылайык иштөөгө аргасыз. Мындан улам быйыл абитуриенттер жогорку окуу жайларга жалпы республикалык тестирлөөнүн негизинде аралыктан тапшырышат. Ал үчүн Билим берүү жана илим министрлиги атайын платформа иштеп чыккан. Өлкө боюнча быйыл 43 миңден ашык абитуриент жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өттү. Эми алар келечекте ээ боло турчу кесибин тандоонун алдында турушат.