Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттүк делегациялар 4 пункттан турган атайын протокол кабыл алышты

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал саат 18:15ке карата туруктуу экенин УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады. 1-майда Баткенде мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялар жолугушту. Анын жыйынтыгында 4 пункттан турган атайын протокол кабыл алынды. Ошондой эле буга чейин тажиктер тарабынан жабылган Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Жака-Өрүк тилкеси аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолу унаалар үчүн ачылды.

Баткен облусундагы куралдуу жаңжалда жабыркагандар жана эвакуацияланган адамдар үчүн ачылган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 1 миллион 200 миң сом чогулду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди. Ошондой эле миң тоннага жакын гуманитардык жардам чогултулуп, дээрлик бардыгы белгиленген дарекке жеткирилген.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуяларда жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке министрлик, ведомстволор бир күндүк эмгек акысын которуп жатышат. Алардын катарында Президенттин жана Өкмөттүн Аппараттары да бар. Ал арада коомчулукту тынчтыкка үндөп, маданият кызматкерлери, тарыхчылар, кино тармагынын өкүлдөрү жана спортчулар флешмоб өткөрүштү. Акциянын катышуучулары өлкөдө болуп жаткан соңку кырдаалга байланыштуу жалпы кыргыз элин жана тажикстандык кесиптештерин сабырдуулук менен ынтымакка чакырышты.

Майрамдын ордуна – аза. Күндүн ордуна жаан. Баткен облусундагы тажик куралдуу күчтөрүнүн соккусунан шейит кеткен жарандарыбыздын саны 34кө жетти. Буга ылайык, Президент Садыр Жапаров 1-2-майды улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыялады. Пирамида телеканалынын жалпы жамааты маркумдардын жакындарына көңүл айтуу менен, мекен үчүн жанын өлүмгө алмашкан баатырларды эскерет…

Тажикстандын аскер кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка жергесинде кыргызстандыктардын турак үйлөрүн аткылай баштады. Бул туурасында түшкө жакын чек ара кызматынан билдиришти. Акыркы сааттарга карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон сакталууда. Чек аранын аймагынан аскер күчтөрү менен каражаттарды алып кетүү боюнча эки тараптуу макулдашууну Тажикстан бузуп жатканы маалымдалды.

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан улам жарадар болгондордун жана каза болгондордун саны көбөйүүдө. Алардын айрымдары Баткен облусунда дарыланып жатса, абалы оор болгондор Бишкекке тик учак менен алынып келип жатат. Баш калаада жарадар мекендештер Улуттук Госпиталда, Ортопедия жана Травматология борборунда дарыланышууда.

Куралдуу кол салуу, Кыргызстан коргонууга аргасыз. 29-апрелдеги Ок чыгарбоо келишимине карабастан, тажик тарап баткен облусуна бир нече аймактан кол салып кирди. Бул учурда айрым чет элдик маалымат каражаттары жалган маалымат таратып кыргыз тарапка айыпты оодарууга жетишти. Учурда Кыргызстандык адистер мындай кадам мурда даярдалган атайын иш аракет болуусу мүмкүн деп баалашууда.

Тажик тараптын Баткен облусуна куралдуу кол салуусунан 31 мекендешибиз шейит болду! Алардын арасында жаш балдар да бар. Президент Садыр Жапаров курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты. «Азыр жалпы өлкө Баткен облусундагы чек арадагы акыркы окуяларда жакындарын жоготкон кыргызстандыктар менен бирге аза күтүүдө. Жаракат алган жарандардын тез сакайып кетишин каалайм. Мамлекет бардык жабыр тарткандарга ар тараптуу колдоо көрсөтө турганын билдирди. Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги ок атышуунун натыйжасында жалпысынан 154 адам жабыркаганын алардын 121и жөнөкөй жарандар, 23ү күч органдарынын кызматкерлери экенинl кабарлады. Жаракат алган 43 киши Бишкекке жеткирилди. Бул сан дагы өсүшү мүмкүн себеби оор жаракат алгандарды борбор калаадагы ооруканаларда дарылоо пландалууда.

Чек ара маселеси мамлекеттик деңгээлде дипломатиялык жол менен чечилиши керек. Бул тууралуу коомдук ишмер жана жарандык активистер билдиришүүдө. Алар өлкөдөгү бардык жарандарды жана топторду көз караштарынын айырмачылыгына карабай коомдук-саясий кырдаалды туруктуу сактоого чакырууда. Азыр түрдүү позицииялар боюнча бөлүнбөй Бир желектин астына өлкө президентинин тегерегине биригүү максатка ылайыктуу дешет адистер. Алина Бактыбекова жалпы өлкө кыйын кезеңди баштан кечирип жаткан кездеги тынчтык жана биримдиктин маанисине токтолот.

Коронавирус пандемиясынан улам экономикалык кризис күч алды. Өлкөнүн ИДПсы 8% га төмөндөдү — дешет адистер. Бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн эмне кылуу керек? Өлкөнүн экономикасын кантип көтөрүүгө болот? Бүгүн эксперттер “Системалык кризистин мурасы, чечүү жолдору” деген темада чогулуп, өз сунуштарын айтышты.

Баткенде орун алган кошуналардын куралдуу кол салуусунун жана абалдан чыгууга көрүлгөн аракеттердин хронологиясы.