Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жапаров министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындады

Президенттин Кыргызстан элине кайрылуусунда экономикалык кризистен чыгуу үчүн токтоосуз чечкиндүү чараларды көрүү керек экендигин айтты. Анда ал экономикалык кризистен чыгуунун негизги сунуштарын ачыктады. Ага ылайык өлкө Экономика, саламаттык-сактоо, айыл-чарба тармагында жана мамлекеттик башкаруу системасында кечиктирилгис кандай кадамдарга баруусу керек?

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине беш мобилдик клиника тапшырылды. Иш-чарага катышкан Президент мобилдик комплекс биринчи кезекте Баткен облусунун бийик тоолуу райондоруна жана алыскы айылдарына бериле турганын маалымдады. Мамлекет башчысы жеке өзүнүн жана жалпы кыргызстандыктардын атынан Ислам өнүктүрүү фондуна жана «Фаель Хайр» фондуна кайрымдуулук жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Жапаров мобилдик клиникалар заманбап медициналык шаймандар менен жабдылганын жана бардык талаптарга жооп бере тургандыгын белгиледи.

Ушул эле күнү Президент Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына кол койду. Ошентип Кыргызстан расмий түрдө Президенттик башкаруу ситемасына өттү. Баш мыйзамдын жаңыланган редакциясына 11-апрелдеги референдумда добуш берген шайлоочулардын дээрлик 80 пайызы колдоо көрсөтүшкөн. Конституция күнүн утурлай мамлекет башчысы Кыргызстан элине кайрылуу жасады.

Тажик тараптын Баткен жана Лейлек райондоруна куралдуу кол салуусунан натыйжасында, Баткен облусу боюнча 120 турак үй жана 84 объект талкаланган. Эвакуацияланган жарандардын үйлөрү жараксыз абалга кептелгендиктен, аларга убактылуу баш калкалоо үчүн үйлөр курулууда. Чек ара чырынан үй-жайсыз калган элеттиктердин турак жайларын калыбына келтирүү жумуштарын мамлекет мойнуна алган. Мындан сырткары, гуманитардык жардамдар дагы көрсөтүлүүдө.

Кыргыз-тажик чек-арасындагы кагылышуу боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Окуя боюнча материалдык далилдер алынып, тергөө амалдары жүрө баштады. Башкы көзөмөлдөөчү орган Тажикстандын агрессиялык аракеттери алдын ала пландаштырылган деген тыянак чыгарган. Куралдуу кагылышуу жергиликтүү карапайым тургундардын массалык өлүмүмө алып келди. Өлгөндөрдүн арасында 5 жана 12 жаштагы бөбөктөр менен өспүрүмдөр дагы бар. Кылмыш иши Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «тынчтыкка каршы кылмыштар» беренеси боюнча катталган. Серепчилер тажик аскерлери тарабынан жасалган агрессияны бүт дүйнөгө таратуу керек деген пикирде.

Көз карандысыз мамлекеттин башкы символикасы – конституция, гимн, герб жана туусу. Тарыхчылар 1993-жылы 5-майда Кыргызстандын алгачкы Баш мыйзамы кабыл алынып, өлкө эгемендикке жетишкенде, эл өзгөчө сезимге бөлөнгөн. Өлкө эгемендүүлүктү алган жылдардан бери башынан ар кандай кыйын кездерди өткөрдү. Эми жакында жаңы Конституция расмий кабыл алынып, жаңы үмүт пайда болууда.

Азыр өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 146 ардагери бар. Президенттин буйругуна ылайык, Улуу Жеңиш күнүн утурлай, аларга 70 миң сом өлчөмүндө бир жолку колдоо көрсөтүлүүдө. Каражат ардагерлердин эсебине которулуп жатат. Бул сапар фронттун артында диверсияга каршы коопсуздукту камсыздоо милдети жүктөлгөн атайын түзүлгөн темир жол полкунун аскери тууралуу сөз кылабыз. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашев атабыз менен кабарчыбыз Мээрим Дүйшөналиева баарлашып кайтты.