Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Короновируска каршы 43 миңден ашык жаран эмделди

Жапаров мамлекеттик мүлктү башкаруу реформасын экономиканы өнүктүрүүнүн беш негизги делген багыттарынын катарына киргизди. Өлкө башчысы 5-май күнү мамлекеттин карамагындагы ишканаларды жеке жактарга өткөрүп берүү менен бир нече көйгөйлөрдү чечсе болорун айткан.(1) Бул аркылуу, бюджеттик каражаттар негизсиз сарпталбайт, тескерисинче мамлекеттик казынага кошумча киреше кирет, көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты жогорулайт жана ишканалардын инфраструктурасы жакшырат. Бирок, мамлекеттик мүлктүн баардыгы эле менчикке өтүп кетпейт, кээ бирлери министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет.

Кыргызстандын тышкы саясаты көп векторлуу кызматташууга багытталган. Президент Садыр Жапаров кошуна өлкөлөр, бир уюмда мүчө жана Кыргызстан менен алаканы чыңдоону каалаган бардык өлкөлөр менен кызматташууга даяр экендигин айтып келет. Кыргызстан тышкы күчтөрдөн коргонуу багытында өз кезегинде жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө болгон. ЖККУ менен Кыргызстандын кызматташтыгы тууралуу Канат Жолочиев сөз кылат.

Алтын иштеткен «Кумтөр» компаниясы мамлекетке дээрлик 262 млрд сом төлөшү керек. Бул жөнүндө Бишкек шаарынын райондук сотунун чечими чыкты. Буга чейин Кыргызстандын төрт жараны — соттон Кумтөр алтын кенин иштетүү учурунда Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө таштандылардын сакталышын мыйзамсыз деп табууну жана келтирилген чыгымдарды өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Канадада айлана-чөйрөгө зыян келтирүү — оор кылмыш катары каралат жана ал үчүн «адам өлтүрүү» беренеси менен соттолгондой эле бирдей жазаланат. Биздин өлкөдө зыян төмөнкүдөй бааланат: талкаланган мөңгүнүн ар бир куб метрине 10 сом, ал эми ар бир булганган куб жер үчүн жүздөн беш жүзгө чейин.

Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктөр министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилет. Ал эми мамлекеттик ишканалар кайрадан түзүлүп, жеке менчикке өтөт. Стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистери менчиктештирилет. Мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастаган. Бул туурасында өлкө башчысы Садыр Жапаров 5-майда элге кайрылганда билдирген.

Жаш муунга татыктуу тарбия берүү максатын көздөгөн «Инсандын руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө» концепция коомдук талкууга чыгарылды. Маданият өкүлдөрү: салттуу, үй-бүлөлүк жана социалдык баалуулуктарды өздөштүрүү, жалпы адамзаттык баалуулуктарды сыйлоо менен катар, улуттук маданияттын байлыгын, өзгөчөлүгүн жана биримдигин бекемдөөгө аталган концепция жардам берет деп ишенишет.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан курман болгон 36 маркумдун жакындарына Баткен районунда турак жайлар курула баштады. Үйлөрдү салуу иштерин өлкөдөгү белгилүү курулуш компания колго алып, жергиликтүү бийлик 2 гектар жер бөлүп берген.