Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

КОМИССИЯ «КУМТӨРДҮ» 4,2 МЛРД. ДОЛЛАРЛЫК ДООГО ЖЫГЫП, 106 ТОННА АЛТЫН АЛУУНУ ЧЕЧТИ!

Мамлекеттин ишениминен кеткен компаниялар тыштан башкарылат. Президент Садыр Жапаров тышкы башкарууну киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мындай чаралар өлкөнүн экологиялык мыйзамдарын бузуп, ден соолукка коркунуч алып келген жана мамлекетти экономикалык зыянга дуушар кылган ишканаларга карата колдонулат.

Гүлдөгөн Кыргызстан. Бул ураан менен “Кызгалдак плюс” коомдук фондунун өкүлдөрү борбор шаарыбызды көрктөндүрүүнү максат кылып, көчө бойлой гүл отургузуп башташты. Мындай жагымдуу окуяны көргөн жашоочулар да колдоруна кетмен-күрөк кармап салым кошту.

Бишкек шаардык кеңешке да өткөн шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылды. Буга чейин 3 партиянын добуштары гана жокко чыгарылган болчу. Бул жалпы добуштардын үчтөн бир бөлүгү жараксыз экенин көрсөткөн. Эми президент бир айдын ичинде кайталап шайлоо өткөрүүнү дайындамакчы. Эске салсак, Боршайком мындан бир нече күн мурда Токмок жана Ош шаарларынын добуштарын жараксыз деп тапкан.

Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу бардык ишканалар жана заводдордун тизмелери түзүлүп, алардын абалы менен таанышуу иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күндө аталган фондго 104 мамлекеттик ишкана, 65 чарбалык коом карайт. Алардын айрымдары гана мамлекетке пайда алып келсе, көбү карызга батып банкрот болуу абалында турат. Өлкө башчысы жакында эле тиешелүү кызматтарга пайдасы жок мамлекеттик ишканаларды аныктап, аларды жеке менчикке өткөрүү, сатуу же башка өнүктүрүү жолдорун издөө тапшырмасын берген.