Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Электр энергиясын үнөмдөйлү! Жылытуу мезгилине даярдыктар көрүлө баштады

Жылдан жылга өлкөдө электр энергиясын колдонуучулардын саны өсүп жатат. Мындан улам энергетиканын таңкыстыгын азайтуу үчүн 2022-жылга чейин Казакстан жана Өзбекстандан электр энергиясы алынат. Кайра аларга 2021, 2022 жана 2023-жылдары жай айларында үч этап менен кайтарылмакчы. Ошол эле маалда бөлүштүрүү менен алектенген жана дүңүнөн алып саткан энергетикалык компаниялар электр энергиясын керектөөнү катуу чектейт. Бул чаралар «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасы 2021-22-жылдардагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгып кетүүнү шарттай тургандыгын айтууда. Мындан улам энергетиктер калкты зарыл болбосо, электр жабдууларын ашыкча күйгүзүүдөн, электр кубатын көп сарптаган лампаларды пайдалануудан баш тартууну сунуштайт.

Чек ара жаңжалынан улам жабыркаган объектилер мерчемделген убакытта калыбына келтирип, куруп бүткөрүлүшү керек. Мындай тапшырманы Президент Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында тийиштүү органдарга берди. Садыр Жапаров ошондой эле Баткен облусунун Лейлек районундагы Борбордук айылындагы мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды. Мындан сырткары ал «Жаңы-Жер» чек ара тозотуна барып, мекенди коргоочулардан кабар алды. Андан соң Борбордук жана Достук айылдарынын тургундары менен жолугуп, аларды кызыктырган суроолоруна жооп берип жатып, Баткен облусуна өзгөчө статус берилерин айтты.

Жарандарды арзан үйлөр менен камсыз кылуу максатында жаңы турак жай программасы иштелип чыкты. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымынын орун басары Урмат Кокочаров билдиргендей эми кыргызстандыктар компания аркылуу 25 жылга чейин 4 пайыздык чен менен үй алса болот. Президент демилгелеген “Менин үйүм” программасы Бишкек менен Ош шаарын гана камтыбай, жалпы өлкө боюнча жеткиликтүү болору белгиленди. (1)Ал программаны ишке ашыруу максатында жакынкы 6 жылда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай фондун өнүктүрүүгө 30 млрд сом тартылып, болжол менен 800 миң чарчы метр турак үй курулат.

Кыргызстанда жаштар саясаты канчалык деңгээлде жемишин берип жатат? Өлкөнүн жаштарын бириктирип, мамлекеттин келечегине салым кошо тургандай программаларды иштеп чыгуу маселеси актуалдуу. Бүгүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен өз ишмердүүлүгүн жаштар саясатынын өнүгүүсүнө багыттаган эл аралык өнөктөштөрдүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун алкагында жаштарды өнүктүрүү, актуалдуу маселелерди чечүү жана өнөктөштөр менен биргеликте координациялык иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу механизмдери каралды.

Район акимдерин ротациялоо – мезгил талабы. Эксперттер аталган тажрыйба мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кадрларды тандоо тутумун жакшыртат деген пикирди карманышат. Ротациянын өлкө башкаруусуна тийгизген таасиринен сырткары, мамлекттик кызматкерлердин өзүнө да оң натыйжасын берет деп күтүлүүдө. Анткени кайсыл жерде болбосун эффективдүү иш алып барган кызматкер карьералык тепкичтен өйдө көтөрүлүүгө мүмкүнчулүк алат. Акимдердин орун алмашуусу дагы кандай натыйжа бериши мүмкүн? Айьза Камчыбекова сураштырды.

Жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык, кадр саясатынын эффективдүүлүгү үчүн жана мамлекеттик кызматкерлерге социалдык пакеттер каралат. Буга байланыштуу жакынкы арада „Келечек“ программасын иштеп чыгууну Президент Садыр Жапаров тапшырган болчу. Ага ылайык, кыска мөөнөттүн ичинде жалпы мамлекеттик аппараттын ишин кайра карап, түп-тамырынан бери реформалап, кесипкөй жана коомдун кызыкчылыктары үчүн кызмат кылууга ылайыкталган аткаруу бийлиги куралат.