Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кадрларды ротациялоо аткаминерлердин тажрыйбасын жогорулатат

Кыргызстанда биринчи жолу массалык түрдө өлкөнүн аймактарындагы акимдерди ротациялоо жүргүзүлдү. Жакында эле бир катар жарлыктарга кол коюлган. Ага ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары кызматка дайындалып, сынактан өтпөй калгандары бошотулду. Кол коюлган жарлыктарды ишке ашыруунун алкагында, аймактардагы райондордун акимдери аттестациядан өтүшкөн. Мындан тышкары, Мамлекеттик кадр кызматы аймактык кадрлар резервине талапкерлерди да тандап алды.

Кыргызстан Россия менен эзелтен бери стратегиялык жактан өнөктөш өлкөлөрдөн. Эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык мамилелер жыл өткөн сайын өнүгүүнүн жолуна түштү. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон күндөн тарта ар кандай тармактарда биргелешкен көптөгөн ири ишканалар пайда болуп, Кыргыз-Орус Өнүктүрүү Фонду ачылды. Ийгиликке багытталган кызматташуунун алкагында, Орусиянын аймагында эмгектенип жүргөн жарандарга болгон талаптар кыйла жөнөкөйлөтүлдү. Кыска аралыкта Россиянын ири шаарларында ата мекендик продукциялардын рыногу ачылды.

Баш калаанын түштүк тарабына ак түстөгү, айрым бөлүктөрү алтын жана күмүш менен каптала турган Бишкек-Тауэр мунарасын куруу сунушталды. «Бишкек башкы архитектура» муниципиалдык ишканасынын эскиздеринде имараттын бийиктиги 65 метр болору көрсөтүлгөн. Бул долбоордун акыркы үлгүсү болбогондуктан, дагы кошумчаланып, өзгөрүшү мүмкүн. Мекемеден маалымдалгандай, албетте, мындай көп акча каражаттарын талап кылчу, абдан чоң, заңкайган имаратты азыр куруучу учур эмес. Бирок келечекте ишке ашып калабы деген үмүт менен иштеп чыккан.

Көп кырдуу талант Нурканбек Турсунбаев 80 жашка чыкса да обондорду чыгарып, театрда ойноп, чыгармаларын элге тартуулап келет. Бишкекте анын юбилейлик мааракеси өтүп, ага мамлекеттик ишмерлер, маданият кызматкерлери, өнөр ээлери келди. Нурканбек Турсунбаев 700дөн ашык обондун автору, 30дан ашык спектаклга, 10дон ашык көркөм жана даректүү фильмге, 400дөн ашык ырга обон жазган.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин медицинага колдонуу үчүн дары-дармектерди жана фармацевтикалык каражаттарды өндүрүү боюнча кызматташуу маселесин толугу менен колдойт жана биргелешкен иш-чараларга активдүү катышууга даяр. Бул туурасында Президент Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция форматында өткөн кезектеги жыйынында билдирди. Эми Бирликтин бардык жарандары үчүн вакциналардын кеңири жеткиликтүүлүгү камсыз кылынат. Мындан тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгектенгендер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн эркин жүрүү жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнөн тышкары, саламаттыкты сактоонун, билим берүүнүн жана социалдык коргоонун заманбап стандарттарына жетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маанилүүлүгү баса белгиленди. Жыйынга кыргыз ажосу менен бирге ЕАЭБге мүчө Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко, Казак лидери Касым-Жомарт Токаев, орус президенти Владимир Путин Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян катышты. (1)Ошондой эле жыйынга Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович да кошулду. Мындан тышкары иш-чарага ЕАЭБдеги байкоочу мамлекеттердин башчылары: Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен Кубанын Президенти Мигель Диас-Канель Бермудес чакырылган.

Мындан ары ченемдик укуктук актылар боюнча коомчулуктун пикирлери эске алынат. Юстиция министрлиги жарандардын мыйзам долбоорлоруна активдүү катыша алчу бирдиктүү жаңы портал иштеп чыкты. Порталга, ар бир жаран ченемдик укуктук актылар боюнча комментарий калтыра алат. Буга тиешелүү ар бир мамлекеттик орган жоопторду электрондук түрдө берип турат жана бардык сунуштар эске алынат.

“Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” концепциянын долбоорун талкуулоо, алымча-кошумчаларды кошуу үчүн кезектеги илимий практикалык иш-чара болуп өттү. Ага коомчулуктун, маданият, илим жана билим берүү ишмерлери, бардык кызыкдар тараптар катышып, өз сунуштарып беришти.

Өткөн жылы Кыргызстандан айыл чарба товарлары мурдагы жылга салыштырмалуу 146 миң тоннага көп экспорттолгон. Себеби өткөрүү пункттарында жашыл коридорлор уюштурулуп, карантин учуруна карабай ата мекендик продукциялардын тоскоолдуксуз жүрүшү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Бул ЕАЭБ уюмунун натыйжасынын алкагында жеткен көрсөткүч. Уюмдан Кыргызстан үчүн дагы кандай артыкчылыктары бар?

Ички иштер министрлигинин ардагери, кыргыз милициясынын тарыхында өзгөчө орду бар Акын Шаршенов 90 жашка толду. Бүт өмүрүн милицияга арнаган инсан узак жылдар бою борбор калаадагы Шабиров атындагы республикалык окуу борборунун ардагерлер кеңешин жетектеп келди. Туулган күн ээси 90го чыкса дагы, өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоодо зор салымын кошуп келет.

Кумтөр өз нугунда иштеп жатат. Жакында ишкананын кызматкерлери эмгек акыларын алат, деп ишендирди тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк. тоо-металлургиялык профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев дагы Өндүрүштү токтотууга эч кандай негиз жок экендигин белгилейт.