Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кумтөр дагы канча аткаминердин жүзүн ачат?

Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашырууда коррупциялык фактылар тууралуу козголгон кылмыш иштеринин алкагында, мурдагы бир катар жогорку кызмат адамдары кармалып, айрымдары суракка алынууда. УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү менен Коррупцияга шектелип, күн мурун Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалды. Ал эми мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев 48 саатка камакка алынган. Кумтөр алтын кени боюнча канадалык компания менен келишим түзгөн өлкө жетекчилигинин мындай жогорку даражалуу кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карап чыгып, сот гана чекит коет. Бардыгы укуктук талаада чечилиши зарыл деп эсептешет, саясат таануучулар.

Бишкек шаарындагы № 88 — мектепте “Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө” карата майрамдык иш-чара өттү. Анда ар кандай конкурстар, мелдештер жана концерттик программа уюштурулуп жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер ыйгарылды. Майрамдык иш-чарага келген балдардын маанайлары көтөрүлүп, жүздөрүндө кубанычтын белгилери байкалып турду.

Кыргызстанда бүгүн, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленүүдө. Бул күнгө карата Бишкекте оюн-зоок , майрамдык иш-чаралар уюштурулган. Андан тышкары, чакан форматтагы концерттер өлкөдөгү бардык балдардын музыкалык жана искусство мектептеринде дагы болуп өттү.

Кумтөрдөгү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү, деги эле андагы айлана-чөйрөгө зыян келтирген жагдайларды 2012-жылы эле алдын алууга болот эле. Ошол кезде айрым Жогорку Кеңештин депутаттары Кумтөр ишканасын улутташтыруу боюнча маселени бир эмес, бир нече жолу көтөрүп чыккан.(2) А бирок, ошол маалда эмнегедир депутаттардын көпчүлүгү ишкананы улутташтырууга каршы экенин билдирип чыгышкан. Азыркы бийлик бул маселеге чоң бурулуш жасоодо дешет эксперттер. Дээрлик 30 жылга жакын убакыт чечилбей келген Кумтөр боюнча маселени улутташтырбоо кимдердин кызыкчылыгы болгон? 9 жыл мурда эле бул нерсени өзгөртүү мүмкүн беле?

Быйыл Кыргызстандын туризм тармагын 40-50 пайызга жандандыруу мерчемделүүдө. Бул тармакта эмгектенген ишкерлер коронавирус пандемиясынын кесепетинен оор жагдайга кептелип, артка кеткен туризмди бул жылы калыбына келтирүүгө болгон күч-аракеттер жумшалышы керектигин эскертүүдө. Учурда илдет күч алып жаткан өлкөлөрдү кошпогондо, 33төн ашуун мамлекеттин жарандары Кыргызстанда эс алып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Мамлекеттин жана ишкерлердин жайкы туризм мезгилин жандандырууга чама-чаркы жетеби?

Кыргызстандык жаш балдар интернеттен кандай маалыматтарды издеп, сыналгыдан кандай берүүлөрдү көрүшөт? Келечек муун социалдык тармактарга жана мессенджерлерге канча убакыт коротот? Ушул суроолорго жооп алуу максатында Касымалы Баялинов атындагы республикалык китепканада, “ДООР” коомдук фонду жана «маалыматтык-ресурстук борборлор» коомдук бирикмеси тарабынан Кыргызстанда биринчи жолу балдардын медиа керектөөсү боюнча изилдөө жүргүзүлдү.

Өткөн жекшембиде улуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын элесине арналган “Таттыбүбү кыргыз поэзиясында” аттуу сынак жыйынтыкталды. Сынакка өлкө аймагы боюнча 16 жаштан 37 жашка чейинки 50гө жакын жаш акындар катышкан. Күн мурун борбор калаадагы Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гүл багында конкурстун жеңүүчүлөрү аныкталып, аларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Баткен облусунун эли «Тарых, маданият жана ынтымак кербени» эстафетасын Нарын облусуна өткөрүп берди. Бир жылдан бери уланган долбоор кыргыз жеринин ыйыктыгын барктап, тарыхый жана учурдун кадырлуу инсандарын даңазалоо максатында облустар арасында өткөрүлүп келет. Эстафетаны алган аймак облустагы тарыхый инсандарды даңазалап, аларды жаштарга таанытуу аракетин көрмөкчү. Салтанаттуу азем Бишкекте өтүп, ага өнөр адамдары жана Баткен менен Нарын облустарынын тургундары катышты.

Ар дайым алдыда болуу! Бул кесиптин өкүлдөрү жарандарга жардам керек болгондо биринчилерден болуп келишет. Башкаларды куткарууда өз өмүрлөрүн тобокелге салуу — бул Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин жазылбаган мыйзамы. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү күн сайын, жумасына жети күн жарандардын башына кыйынчылык келип, мүшкүл иш түшкөндө ошол жерде болушат.