Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Калк менен жергиликтүү бийликтин байланышын чыңдоого багытталган теледолбоор

Эми бардык облустук телеканалдардан «Эл сурасын» теледолбоору түз эфир аркылуу чыгып турат. Анда мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери жарандардан келип түшкөн суроолорго жооп беришет. Жооп берип гана тим болбостон, жеринен аларды түйшөлткөн маселелерди чечүү жолдорун дагы издешет, айрым көйгөйлөрдү карап чыгууну тиешелүү органдарга тапшырышат.

Билим берүү жана илим министрлигинин алдында турган маанилүү милдеттердин бири – бул өлкөнүн жогорку окуу жайларын сапаттуу өзгөртүү жана мектеп окуучуларынын, деги эле жаштардын руханий-адеп-ахлактык жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы боюнча иштерди колго алуу. Бул жөнүндө Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев журналисттерге билдирди. Андан сырткары Россия, Араб мамлекеттери, Түркия жана башка өлкөлөр менен биргеликте мектептерди жана окуу жайларды куруу иштери колго алынып жаткандыгы маалым болду.

Кылмыш кодексине уюшкан кылмыштуу топторду жана кылмыштуу жамаатты финансылык жактан каржылагандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу зарыл. Муну менен катар коомдук коопсуздукту, ошондой эле үй-бүлөлөрдүн жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мыйзамдуу чараларды көрүү укуктары каралышы керек. Мындай сунуш кылмыш жана административдик-укуктук жаңы кодекстерди талкуулоодо айтылды. Эске салсак, бир айдан бери укук коргоо органдарынын кызматкерлери, депутаттар жана жарандык коомдун өкүлдөрү колдонуудагы кодекстерди кайрадан иштеп чыгууда. Учурда коомдук талкууда турган долбоорлор электен өтүп, сунуш-пикирлер кабыл алынып жатат. Андан соң, эксперттик топ даярдаган кодекстердин акыркы варианты Жогорку Кеңешке жиберилет. 2 жарым жыл мурда колдонулуп баштаган кодекстер менен азыркы таптагы иштелип жаткан жаңы кодекстердин айырмачылыгы эмнеде?

Алты айдан бери иштелип жаткан Кыргызстандын маалымат саясаты боюнча долбоордун концепциясы бүгүн, 3-июнда, коомчулукка жарыяланды. Концепция бирдиктүү иштердин эң эле маанилүү учурларын өзүнө камтыйт. Заманбап тенденцияларды эске алуу менен мамлекеттик органдардын жана медиакоомдун ишине жаңы мамилелерди иштеп чыгуу зарыл. Аталган концепция дал ушул максаттарга багытталган. Талкуулоо үчүн атайын улуттук медиафорум да уюштурулуп, ага медиаэксперттер катышты.

Ишкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу үчүн мамлекет тарабынан бир топ иштер аткарылууда. Бул үчүн Мамлекеттик бажы кызматы да маанилүү кадамдарды жасады. Алар электрондук декларация, жашыл коридорлорду колдонуу жана бизнес аянтчалар менен интеграциялоо тутумдары. Мунун бардыгы өлкөнүн экономикасына инвестициялардын көбөйүшүнө шарт түзөт.

Өлкөдө жемкорлор менен күрөшүү кайрадан күч алды. УКМК коррупцияга белчесинен баткан учурдагы жана мурдагы бир катар аткаминердин үстүнөн иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бир эле мисал: Кумтөр кени боюнча кылмышка шектүү деп кармалгандардын арасында мурдагы өкмөт башчылары, Жогорку Кеңештин депутаттары бар. Алардын тарапташтары шектүүлөрдүн боштондугун талап кылып, үч күн катары менен митингге чыгышууда. Өз кезегинде, серепчилер «тарапташымын» дегендерди жөнү жок эле митингге чыга берүүнүн кажети жок экенин айтат. Анткени мыйзам алдында баары – тең.