Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү кеңешинин милдеттери аныкталды

Өлкөнүн өнүгүүсү, экономикалык өсүш жана социалдык абал — сот тутумунун акыйкатуулугунан көз каранды. Андыктан Кыргызстан — мыйзам жоболорун кынтыксыз аткарган көз карандысыз сотторго муктаж. Бул максатты ишке ашыруу үчүн Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча атайын кеңеш түзүлдү. Күч органдарынын жетекчилери, юрист, адвокат жана коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган кеңешменин ишинен майнап чыгабы?

Мыйзам бир адам же кандайдыр бир саясий топ үчүн жазылбашы керек. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев эксперттик жумушчу топтун жыйынтыктоочу жыйыны учурунда билдирди. Буга чейин Башкы прокуратура Кылмыш, Кылмыш-процессуалдык жана Жазык аткаруу кодекстери, ошондой эле Административдик укук бузуу кодексин коомдук талкууга чыгарган. Жаңы редакциядагы мыйзам долбоорлорунун өзгөчөлүгү эмнеде?

Тажик тараптын Баткен облусуна куралдуу кол салуусунан жабыркаган жарандардын документтерин калыбына келтирүү иштери уланууда. Жалпысынан бул жаатта 300 арыз келип түшкөн. Учурда 200дөй тургундун документтери жасалып бүтүп, колдоруна тапшырылды. Мамлекеттик каттоо кызматы өлкө аймагында 2020-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык биометрикалык паспорт менген камсыздоо дагы кызуу жүрүп жатканын билдирүүдө. Республика боюнча жаңы паспортту 6 миңден ашуун жаран алды. Буга улай эле, мамлекетте Унааларды арзан баада кайра каттоо боюнча улуттук кампания старт алды. Ага ылайык унааларды кайра каттоонун баасы 460 сом болот. Бул каражатка жаңы күбөлүк жана кызмат көрсөтүүлөр кирерин “Унаа” мамлекеттик мекемеси кабарлады. Анын мөөнөтү 1-июндан 31-декабрга созулат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 100дөн ашык этнос ынтымактуу, биримдикте күн кечирип келишет. Көп улуттуу калктын биримдигин бекемдөө максатында, Президенттин жарлыгы чыккан. Ага ылайык, 2021-2026-жылдарга өлкөдө “Кыргыз Жараны” концепциясы бекитилген. Учурда “Эл биримдиги көп түрдүүлүктө” долбоору боюнча аймактарда кеңири талкуулар уюштурулууда. Бул ирет иш-чара ондогон этностордун башын бириктирген Чүй облусунун Токмок шаарында болуп өтту.

“Бишкек жашыл чарба” мунниципалдык ишканасы шаардыктарды жана каалага келген конокторду шаарды көрктөндүрүу үчүн отургузулган гүлдөргө аяр мамиле кылууга чакырышат. Себеби, атайын архитектуралык кооздук ирээтинде жасалган клумбаларда гүлдөр уурдарып, тепселенүүдө. Мындан улам, ишканын кызматкерлери күч түзүмдөрү, кайдыгер эмес жарандар жана жарандык активисттерди шаардын көркүн бузгандарга каршы чоогу күрөшүүгө чакырышат.