Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бишкектин мурдагы вице-мэрине мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Бишкектин мурдагы вице-мэри А.У.Ш. мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирет.

Уланбек Азыгалиев жана мэриянын айрым структуралык бөлүмдөрү кызмат абалдарынан пайдаланып,

өзүнө караштуу чарбалык субъектилердин өкүлдөрүнө көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат беришкендиги аныкталды.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында А.У.Ш. жакын туугандарына, Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда 7 жер тилкеси,

11 кызматтык жайлар жана 4 турак жай, 11 батир жана 10 унаа токтотуучу жай,

Ысык-Көл облусунда 2 коттедж жана 5 кымбат баалуу унааларды өзүнө тиешелүү адамдарга каттаткан.

Натыйжада А.У.Ш. жакын туугандарынын кирешелери кескин көбөйгөн. Анын байлыгы 100 миллион сомдон ашык каражатка бааланган.

Учурда кылмыш иши боюнча мыйзамсыз алынган мүлктөрдүн бардык тизмесин аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп жатат.

Нью-Йорктогу кыргызстандыктар “Кумтөр” алтын кенин иштеткен канадалык Centerra Gold компаниясына каршы митинг уюштурушту.

Митингчилер компаниянын өлкөнүн экологиясына келтирген зыянына нааразычылыгын билдиришти.

Анда мөңгүлөрдү талкалаганы жана экологияга зыян келтиргени үчүн канадалык компанияны жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.

Эске салсак, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын отчетун карашкан.

Анда министрлер кабинетине «Centerra Gold Inc.» компаниясынын жоопкерчиликсиз аракеттерине байланыштуу «Кумтөр Голд Компаниге» убактылуу тыштан башкаруу киргизүүнү сунуштаган.

Жыйындын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгында “Кумтөргө” байланыштуу 4 кылмыш иши турганын билдирген.

Ошондой эле ал “Кумтөрдөн” сыйлык алып турган депутаттар дагы бар экенин айткан.

Кийин Улукбек Марипов “Убактылуу тыштан башкарууну дайындоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомго кол койгон.

«Кумтор Голд Компани» компаниясынын убактылуу тыштан башкаруучусу болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Бүгункү күндө Кумтөр иши боюнча бир катар аткаминерлер жана мурдагы депутаттар кармалган.