Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

УКМК: Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Президенттик Аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Алмамбет Салиев кармалды

УКМК мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Алмамбет Салиев тарабынан мыйзамсыз баюу фактысы аныкталды.

Алмамбет Салиев мамлекеттик кызматта иштеген мезгилде сот системасынын ишине активдүү кийлигишкен жана ал өзүнүн мүлкүн аффилирленген жактарга каттаткан.

Салиев ушундай жол менен алынган ири өлчөмдөгү каражаттарды көп кабаттуу үйлөрдү жана башка соода объектилерин куруу үчүн курулуш компанияларынын бирине жумшаган.

Көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Алмамбет Салиевдин бардык мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Иште чогултулган далилдердин негизинде 16-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 3-бөлүмү “Мыйзамсыз баюу” фактысы боюнча Алмамбет Салиев кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.