Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

14-июндан кийин Баткендин Лейлек районунда чек арачыларга шаарча курула баштайт

Келерки жумада Баткен облусунун Лейлек районунда чек арачыларга аскердик шаарча курула баштайт. Бүгүнкү күндө шаарчага бөлүнгөн жер тилкесин трансформациялоо иши күчүндө. Белгилей кетсек, Коопсуздук кеңеши Лейлек районуна аскер шаарчасын куруу чечимин 2019-жылдын июль айында чыгарган. Ушул жылдын 6-майында президент Садыр Жапаров жаңы объекттин курулушуна капсула салып, чек ара маселелери анын ишиндеги эң жогорку приоритеттердин бири экендигин белгилеген.

Соңку убакта өлкө аймагында сууга чөгүү фактылары көп катталууда. Жыл башынан бери 44 адам сууга чөгүп каза болгон. Анын 12си – өспүрүм балдар. Андыктан, куткаруучулар менен тескөөчүлөр күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзө баштады. 11-майда ӨКМдин кызматкерлери борбор калаадагы көлмөлөрдө, сууга түшүүчү жайларда эс алып жүргөн жарандарга кырсыкты алдын алуу, балдарды кароосуз калтырбоо, сууга түшүүнүн эрежелерин так сактоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн башкы милдети — адам өмүрүн сактап калуу. Буга ылайык ар бир куткаруучу ар дайым күжүрмөн даярдыкта болуусу шарт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын өздүк курамга кышкы жана жайкы окууларды ошондой эле, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана болтурбоо боюнча машыгууларды өткөрүп турат. Мындай машыгуулар өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын жана иш тажрыйбасын жогорулатууга шарт түзөт. (2)Бүгүн борбор калаада өрткө каршы кызматынын кызматкерлери арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке катышкан ар бир команда күжүрмөн даярдыгын көрсөттү. Мыктылары акчалай жана министрликтин грамоталары менен сыйланышты.

Кыргызстандын аймагына кире турган чет элдик жарандар, анын ичинде туристтер атайын бекитилген алгоритмдин эережелерине баш ийиши керек. Ага ылайык, алардын колунда ПЧР тестинин корутундусун же вакцина алгандыгын далилдеген кагаз болушу зарыл. Мындай талап тийиштүү макмлекеттик органдардын биргелешкен буйругунда көрсөтүлдү. (2)Өлкөдө коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүн алдын алуу үчүн туристтер болобу, ишкерби же жөнөкөй кыргызстандыктарбы дарыгерлер сунуштаган санитардык эрежелерди так сакташы кажет. Анткени күндөн күнгө инфекция жугузгандар көп катталып жатат. Акыркы эки суткада эле вируска кабылгандардын саны 400дөн ылдыйлай элек.

Калк арасында санариптик сабаттуулукту жогорулатуу, жарандардын коопсуздугу жана алардын маалыматтарын коргоо үчүн заманбап техникалык чечимдерди колдонуу зарыл. Ушул жана башка актуалдуу маселелерди чечүү “Кыргызстандын санарип экономикасы 2021-2023” концепциясында камтылган. Бул концепсиянын бет ачарынан Алина Бактыбекова сөз кылат.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан түрк ишкерлеринин инвестициясын мамлекеттик деңгээлде колдоого алынаарын убадалады. Бүгүн Мамлекет башчысы Түркия Республикасына болгон расмий иш-сапарынын экинчи күнүндө Соода палаталары жана биржалар бирлигине барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда түрк ишкерлери менен жолугуп, 9-июлда Ысык-Көлдө өтө турчу бизнес форумга катышууга чакырды.

“Пирамида” телеканалы менен эл аралык “TÜRKEL” медиакомпаниясынын ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга 2019-жылы кол коюлган. Ошол убакыттан бери эки уюмдун ортосундагы байланыш жигердүү уланууда. Тараптардын макулдашуусунун алкагында, телекөрсөтүүлөрдүн эксклюзивдүү жаңы форматы түзүлдү.

Коронавирус пандемиясы бир топ тармактардын ишине өз таасирин тийгизди. Алардын бири – мектептерде жана университеттерде билим берүүнүн онлайн форматта өтүшү. Өлкө боюнча быйыл 43 миңден ашык абитуриент жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өткөн. Эми алар келечекте ээ боло турчу кесибин тандоонун алдында турушат. Адистер кесип тандоодо ар бир бала өзүнүн шыгына, жөндөмдүүлүгүнө карап окууну сунушташат. Ал эми ата-энелерди балдарын мажбурлап кайсы бир кесиптин ээси бол дегенден алыс болууга чакырышат.

Бүгүнкү күндө Чүй облусунда ар улуттан куралган миңдеген кыргызстандык жашайт. Алар улутуна, динине, тилине карабай, көп улуттуу калктын биримдигин бекемдөөгө кошкон салымдары чоң. 2021-2026-жылдарга карата кабыл алынган «Кыргыз жараны» концепциясынын алкагында өлкөдөгү этностордун биримдиги мындан ары да бекемделип, көп түрдүүлүктү урматтоого, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, бийлик органдарына ишенимди жогорулатууга багытталган иш-чаралардын долбоору иштелип чыкты. Учурда ал тиешелүү мамлекеттик органдарда макулдашууда турат. «Кыргыз жараны» түшүнүгү жөнүндө коомчулукту кабардар кылуу максатында ушу тапта аймактарда жолугушуулар уюштурулууда.