Шейшемби, 16 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ирандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харрази мырза Медиа Холдинг Пирамиданын кеңсесине барды

Пирамида телеканалынын башкы директору Дооронбек Адаханов экскурсия өткөрүп, уюмдун ишмердүүлүгүнө токтолду. Жолугушуунун приоритеттүү темаларынын бири: эки өлкөнүн ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүү, медиа-холдингдин кызматкерлерин окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу, сериалдарды жана даректүү тасмаларды тартууга көмөктөшүү, биргелешип өткөрүү жана масштабдуу медиа-иш-чараларга өз ара катышуу.

Ошондой эле, эки улуттун достук мамиледеги маданияты менен тааныштырууга көмөктөшүү үчүн улуттук контентти колдонуу маселеси талкууланды. Пирамида медиа холдинги келечектүү медиа өнөктөш катары, материалдарды алмаштырууга жана журналисттердин алмашуу программаларын ишке ашырууга даяр.

Сауд Аравия Падышалыгы эпидемиянын алгачкы күндөрүнөн баштап анын кесепеттерин жоюуда, COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө эл аралык деңгээлде бардык аракеттерди көрүүдө жана достук мамиледеги өлкөлөрдүн элдерине жана өкмөттөрүнө ар кандай жардамдарды көрсөтүп жатат . Ага ылайык, Сауд Аравиясынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасы менен болгон өзгөчө мамилелердин алкагында, падыша Салмандын атынан 500 миң доллар өлчөмүндөгү медициналык буюмдар (жеке коргонуу каражаттар) түрүндөгү гуманитардык жардамы көрсөтүлдү. Эртең Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинен Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине аталган гуманитардык жардам тапшырылат.

9-июлда Медиа Холдинг Пирамида ЖЧКнын жетекчилиги Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Ради Ар-Ради менен жолугушту.

Элчи мырза конокторду жылуу тосуп алып, достук мамиледеги өлкөлөрдүн ортосундагы бардык багыттардагы эки тараптуу мамилелерди жогору баалады жана жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн телеканалдарынын ишмердүүлүгүн жана медиа жаатындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Медиа Холдинг Пирамида” ЖЧКсынын башкы директору Дооронбек Адаханов Кыргызстан менен Сауд Аравиясында медиа жаатында кызматташуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгиледи.

Пирамида телеканалы өлкөлөрдүн жана элдердин ортосундагы саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо миссиясын аткарып, миллиондогон аудиториясы бар алдыңкы жана авторитеттүү телерадиоберүү компанияларынын бири катары, Сауд Арабиясынын жигердүү жана ишенимдүү өнөктөшү болууну каалагандыгын билдирди.