Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Эгемендүүлүк менен бирге өскөн лимондор троллейбус башкармалыгында

Коммерциялык талаштарды чечүү жана коррупция менен күрөшүү. Ишкерлер менчик укугун кепилденген коргоо менен бизнес жүргүзүүнү жана административдик талаштарды жөнөкөйлөтүүнү каалашат. Бүгүн мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнүн жана эксперттердин катышуусунда ар кандай экономикалык талаш-тартыштарды жөнгө салуу, коррупцияга каршы туруу жана ишкерлер менен инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо системасын чечүү жолдору талкууланды. (2)Бизнес маселелери боюнча мыйзамдарды жакшыртуу боюнча сунушталган чаралар жаңы инвесторлорду тартуу жана өлкөнүн экономикасынын потенциалын жогорулатууга шар түзө алабы?

Кыргызстанда Парламентке депутаттарды шайлоо системасы өзгөрдү. Буга чейин эл өкүлдөрү партиялык тизме боюнча шайланып келген болсо, эми аралаш шайлоо системасы менен мандаттар бөлүштүрүлөт. Президент кол койгон мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрү партиялык тизме жана бир мандаттуу округ боюнча тандалат.

Ала-Тоо аянтындагы парад, кыргыз-казак төкмө акындар айтышы жана башка масштабдуу мааракелик салтанаттар. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата кыска жана узак мөөнөттү 45 пункттан турган иш-чаралар өткөрүлөт. Бишкек шаарында гана эмес өлкөнүн булүң-бурчунда өтө турчу саамалыктарда күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү коомдук коопсудукту камсыздап күчөтүлгөн тартипте иштейт.

Бир нече күндөн кийин Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилейт. Азыр бул майрам мамлекеттик, улуттук мүнөзгө ээ. “Биринчи мамлекеттик декларация, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн биринчи күнү” — бул күн үчүн кыргыздын сыймыктуу ишмерлери көп жылдар бою эмгектенишкен. Медеткан Шеримкулов анда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган. Ал эми бүгүн саясатчы жана мамлекеттик ишмер, легендарлуу парламенттин спикери эгемендүүлүк күнүнүн алдында кубанып турат. (2)Анткени Республиканын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына Кыргызстан элинин Ассамблеясынын ардак белгиси менен сыйланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Эл аралык университеттин Эл аралык медицина мектебинде уникалдуу морфологиялык борборду ачты. Жаңы илимий корпус студенттерге билим гана бербестен, он багыт боюнча адистерди чыгарат. Ошондой эле медицина илимдеринин кандидаттарын жана докторлорун даярдайт. (2)Эл аралык университетте диссертацияны коргоо боюнча үч адистешкен кеңеш дагы түзүлгөн.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон 2 күндүк иш сапарынын алкагында чек арага чектеш айылдарга барды. Анда мамлекет башчысы жазында кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган Лейлек районунун Максат айылындагы үй-бүлөлөргө салынган жаңы үйлөрдү жана калыбына келтирилген социалдык инфраструктураларды көрүп чыкты. Ошондой эле ал жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Эске салсак, Президент үстүбүздөгү жылдын 6-майында, Баткен облусунан кабар алган болчу. Анда бир да жергиликтүү тургун жардамсыз жана зарыл колдоосуз калбай турганын билдирген эле.

Оо атлетчи, эл аралык класстагы спорт чебери Бекдөөлөт Расулбеков быйыл дүйнөлүк биринчиликке катышат. Жайкы олимп оюндарына татыктуу катышып келген спортчу, учурда күнү-түнү машыгып, даярдыктарды көрүп жаткан учуру. Програмисттик эки адистиктин ээси оор атлетикага кандайча келип калган?

Соцфонд ушул жылдын 6 айында пенсия жана жөлөкпул боюнча төлөмдөрдү толугу менен каржылады. Мекеменин төрагасы белгилегендей, пенсияны төлөө боюнча карыз жок. Департамент киреше бюджетинин өсүшүн жана катталган жарандарга өз убагында социалдык жана пенсиялык төлөмдөрдү белгилейт. Жарандардын камсыздандыруу эсептеринин мониторинги жана көчүрмөлөрүнүн ыңгайлуулугу үчүн электрондук кабинет ачылды.

«Деиндустриализация жана калктын деквалификациясы». Айрымдар, «Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери эмнеге жетишти»? -деген суроого ушундай жооп беришет. Ал эми, экинчилери, тескерисинче, Кыргызстан Борбордук Азиядагы демократияны туу туткан эл жана республика деп белгилешет. Бүгүн эксперттер тегерек столдо кыргыз мамлекетинин түптөлүү жолундагы туура чечимдер жана кетирилген каталарды талдап, алдыңкы кадамдарды талкуулашты.

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадаларда дүйнөнүн жүздөгөн мамлекеттеринен катышкан окуучулар менен тең тайлаша күч сынашып келишет. Быйыл пандемияга карабастан онлайн өткөн эл аралык олимпиадаларда өлкө намысын талашкан окуучулар байгелүү кайтышкан. Президент Садыр Жапаров окуучуларга эл аралык олимпиадаларга активдүү катышкандыгы, билим берүү чөйрөсүндөгү жогорку жетишкендиктери жана маанилүү эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди. (1)Аларга өлкө башчынын атынан ыраазычылык катын бүгүн, Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев тапшырды. Иш-чарада өз иштерине берилгендик менен конкреттүү жыйынтыктарга жетишип жаткан окуучуларга жана алардын мугалимдерине Президенттин атынан эстеликке белектер тапшырылды.

Жаркыраган жаңы класста жаңы окуу жылы башталат. Чүй облусунун Озерное айылынын мектеп окуучулары курулушу бүткөн имаратта окумай болду. 375 орунга ылайыкталган кошумча корпус колдонууга даяр. Окуучулардын саны көп болгондугуна байланыштуу ушундай эле имараттар борбор калаадагы №72, 5 жана 12 -гимназияда курулду.