Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргыз-түрк достук ооруканасы бейтаптарды кабыл ала баштады

Ошентип борбор калаага туруктуу жаңы мэр шайланып, кызматына киришти. Жунушалиевдин ишине ийгиликтерди каалайлы. Бүгүн Бишкекте калаа тургундарын эле эмес жалпы кыргыз элин кубанткан дагы бир жаңылык тууралуу айта кетпесек болбойт. Борбор калаада жарандардын ден соолугун өз жоопкерчилигине алган ак халатчандар заманбап жумуш шарттары түзүлгөн ооруканада иштей баштайт. (2)Ал жерде эми бир гана жергиликтүү эмес, боордош Түркия элинен дагы атайы чакырылган мыкты өмүр сакчылары эмгектенип, бейтаптарынын дени сак жашоосу үчүн жан үрөшөт. Кеп албетте Бүгүндөн тарта алгачкы бейтаптарын кабыл ала баштаган Кыргыз-Түрк достук ооруканасы тууралуу болуп жатат. Пайдубалынан ичиндеги жабдыктарга чейин жаңы курулуп ишке кирген клиниканын ачылышы жана шарттары тууралуу алдыдагы материалда.

Борбор калаанын мэри болуп Айбек Жунушалиев шайланды. Ал жалгыз талапкер болгон. Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын экинчи сессиясы болуп, анда мэрди шайлоо өттү. Жаңы шайланган мэрге 43 депутат макул добуш берсе, экөө каршы болгон. Жунушалиевдин талапкерлиги 17 -августта Министрлер Кабинетинин төрагасы жана Бишкек шардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы тарабынан көрсөтүлгөн. Ал 12-августтан бери борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу болуп келген. Жунушалиевдин калааны өнүктүрүү боюнча кандай пландары бар?

65 жылдык өмүрүн грек-рим күрөшүнүн балбандарына арнаган Хаким Махмудов дагы да машыгууларды улантат. 83 жаштагы устат бүгүнкү күндө 60ка жакын баланы тарбиялап келсе, буга чейин тарбиясын алган балбандар 70 жолу Кыргызстандын желегин эл аралык аренада желбирешиткен.

Кыргызстан менен Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган кыз-жигиттин сармерден оюуну өтүүдө. Бул иш-чара биринчи жолу эл аралык деңгээлде ишке ашып, коңшу Казакстандын маданият өкүлдөрү баштаган жоон топ Кыргызстанга келишкен. Шейшемби күнү кыргыз кыздары менен казактын жигиттеринин ортосунда тамаша оюн орун алса, бүгүн кыргыз жигиттери менен казак кыздары бир сахнада көрүүчүлөргө көңүлдүү маанай тартуулайт.

62 күндүн ичиндеги дүйнө жүзү боюнча саякат! Бишкекте учкуч Союзбек Салиевдин сүрөт көргөзмөсү ачылды. Ал Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган. Жаш кыялын ишке ашыруу үчүн көп күч-аракетин жумшап, дүйнө жүзүнүн дүйнөлүк учкучтар клубуна кабыл алынган каарман тууралуу кийинки материалда.

Жалган маалыматтардан жабыркаган тарап аны жокко чыгартууга, төгүндөтүүгө укуктуу. Саналуу күн мурда кол коюлган “Анык эмес маалыматтардан коргоо” мыйзамы жабыркаган адам жана маалыматтык ресурстардын ортосундагы алака, ошону менен катар алардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салат деп күтүлүүдө. Мыйзам ушак менен жалаанын интернет айдыңында таркалышына бөгөт боло алабы?

Бишкекте кубаттуулугу суткасына 1000 чарчы метрди түзгөн айнек терезелерди чыгаруучу ишкана жана архитектуралык айнек бөлүмү ачылды. Ишкер аталган компанияны өлкөнүн финансы институттары тарабынан берилген жеңилдетилген насыянын жардамы менен ачкан.

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кызматкерлери 40%га жогорулатылган айлык маяна ала башташат! Президент Садыр Жапаров өлкөнүн Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, алдыда боло турган өзгөрүүлөр тууралуу да кеп козгоду. Салтанаттын жүрүшүндө өлкө башчысы аскердик бөлүктөргө айрым сыйлыктарды да тапшырды. Саамалыктын жүрүшүнөн кийинки материалда.

Өлкө аймагында үрөй учурган жол кырсыктар биринин-артынан бири катталып жатканы өкүндүрөт. Көпчүлүк учурда өлүм менен коштолгон жол кырсыктары шаар аралык жолдордо болууда. Видео камералардын орнотулушу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин аракетине карабастан унаа кырсыктары дале катталууда. Мунун себеби эмнеде? Жол кырсыктарын жоюунун дагы кандай жолдору бар?

Маалымат таратууда эми журналисттер эле эмес ар бир жаран жоопкерчиликти өз мойнуна алат. Мындай мыйзамга Президент Садыр Жапаров кол койду. “Жалган маалыматтан коргоо” мыйзамына ылайык, эми ар бир маалымат таратуучу инсан өзү тараткан маалыматка жооп берет. Кимдир бирөө өзү жөнүндө анык эмес маалыматты көрсө анын авторуна: маалыматты өчүрүү же жок кылуу талабын кое алат. Мыйзамда кандай жазалар каралган жана арыз даттанууларды кимдер кабыл алып кайсыл орган чечим кабыл алат?

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы орчундуу окуялар. Мунун баарын кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринен көрүүгө болот. Бүгүн Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинде “Жаңы социалдык реализм 2” аталышындагы сүрөт көргөзмө ачылды. коомчулукту кайдыгер калтырбаган кандай урунттуу учурларды чеберлер боек аркылуу бергиси келген?

Жазында кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган Баткендин Лейлек районунун Максат айылындагы 60 үй-бүлө жаңы салынып бүткөн үйлөрүнө киришти. Алдыда өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата дагы 140 үйдүн курулушун бүткөрүү пландалып жатат. Ушу тапта дагы кайсы айылдарда турак үйлөрдү куруу иштери уланууда.