Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кулубаев Жээнбек Молдоканович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Дюшекеев Дастан Станбекович Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

КР УКМК өз ишинин жүрүшүндө Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басарынын «Н.Т.М.»жетекчилиги астында туруктуу коррупциялык схема, мөөнөтүнөн мурда бошотуу, соттолгондордун шарттарын жумшартуу, ошондой эле бөлүмдүн ортоңку жетекчилигинин мыйзамсыз аракеттерин жашыруу үчүн системалуу түрдө акча каражаттарын алуу аныкталган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2021-жылдын 2-августунда «Н.Т.М.» иш бөлмөсүндө ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анда 3,500 миң АКШ доллары, 59,000 миң сом суммасындагы акча каражаттары, уюлдук телефондор жана чакан калибрдүү куралдын патрондору алынган.
Жашаган жеринен ТТ тапанчасы жана жылмакай ок атуучу куралдар, ошондой эле түзөтүү мекемелеринде соттолгондор жасаган нарда, сандык, бычак, кылыч, стол, отургуч түрүндөгү ар кандай буюмдар табылып алынды.
Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам иш -чаралардын жыйынтыгында «Н.Т.М.» КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.