Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ У. МАРИПОВ МЕНЕН МАЕК

Быйыл Кыргызстандын көз карандысыз мамлекет болгонуна туура 30 жыл толду. Бишкекте бул ирет эгемендүүлүк майрамы салтанаттуу белгиленип, Ала-Тоо борбордук аянтында аскер парады жана эмгекчилердин жүрүшү өттү. Иш-чарага Президент Садыр Жапаров, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, шаар тургундары жана коноктору катышты.

Кыргыз эли эгемендүүлүккө умтулган убакта көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаев сыяктуу кыргыз уулдарынын жасаган эмгектери зор болгон. Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун буйругу менен алардын эмгектери бааланып, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн түптөө жана элге өтөгөн кызматы үчүн жогорку даражадагы “Кыргыз Республикасынын баатыры” наамдары жана «Ак Шумкар» ордени ыйгарылды.

Таң эртеден тарта борбордук «Ала-Тоо» аянтында майрам уланууда. Параддан кийинки майрамдык иш-чарага Бишкек шаарынын тургундары менен катар аймактардан келген коноктор күбө болушту. Андагы коомдук коопсуздукту күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү көзөмөлдөсө, тез жардам кызматкерлери жарандардын саламаттыгынын күзөтүндө турушту.

Кыргызстандын көзкарандысыздыгынын 30 жылдыгы Ош шаарында да масштабдуу белгиленди. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышып, иш-чара ар улуттун диаспораларынын өкүлдөрүнүн жүрүшү менен коштолду.