Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Марипов Кашка-Суунун мектебин ачып, сабак өттү

Билим берүү тармагына жасалган инвестиция — эң мыкты инвестиция. Демек, өлкөнүн жаркын келечегин каалаган ар бир жаран билимге өзгөчө маани берүүгө тийиш. Акыркы жылдары өлкө аймагында билим уяларынын абалын жакшыртуу же жаңы мектеп куруу сыяктуу демилгелерди байма-бай угуп келебиз. Бүгүн ошол демилгелердин бири ишке ашып, Билим күнүндө Аламүдүн районунун Кашка-Суу айлынын тургундары жаңы мектептүү болушту.

Салык кодексинин жаңы редакциясы коомдук талкууда. Долбоор министрлер кабинетинин сайтында жайгаштырылган. Демилгечилер Салык кодекси түп тамырынан өзгөртүлбөй турганын, ага учурдун талаптарына жана ЕАЭБдин эрежелерине жооп берген бөлүмдөр кирерин маалымдашууда.

Жылытуу мезгилинде электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев энергетика тармагынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулаган тегерек столдо билдирди.Иш-чара коомдук уюмдардын демилгеси менен уюштурулду. ИАга энергетика тармагындагы эксперттер, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер катышты. Энергетика жана өнөр жай министри калкты күз-кыш мезгилинде электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу жана авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу максатында бардык иштер жасалып жатканын белгиледи.

Министрлер кабинетинин алдында жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Тийиштүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Агенттик «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу максатында уюшулууда. Мекеме бул мыйзамга ылайык кандай иштерди алып барат?

Чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүп келе жаткан «Кепилдик фонддун» түзүлгөнүнө 5 жыл болду. Бул убакыт аралыгында фонд бизнеске кадам таштаган ишкерлерге насыя алууга кепилдик берген. Алардын 70 пайыздан ашыгы аймактарга туура келет.

Башка жаңылыктардан. Кыргызстанда 4 жылдан бери чөптүн ар кандай түрлөрүнөн атайын тоют даярдалып келет. Аны менен чөп жетишсиз каатчылык учурда да малды семиз жана сүттүү кылып кармоого мүмкүн. Тоют даярдоонун бул ыкмасын өлкөнүн бардык облустарына жайылтуу максат кылынууда.