Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кумтөр — коррупциянын изи менен / Атайын репортаж

Кочкор районунун Туз айылында эки кабаттуу заманбап жаңы мектептин ачылышы болду. Имарат учурдун талабына жооп бергидей бардык шарттар менен салынган. Айыл тургундары жана окуучулар жаркыраган билим уясынын ачылышына абдан сүйүнүп тургандыктарын билдиришти.

Нью-Йорк шаардык соту 15-сентябрдагы отурумунда Кыргызстанга күнүнө 1 миллион АКШ доллары өлчомүндө санкцияларды киргизүү боюнча Центерранын өтүнүчүн карады. Бул тууралуу «Кумтор Голд Компани» компаниясы кабарлады. Соттук отурумдун жыйынтыгында Центерранын өтүнүчү четке кагылды.

Чүй облусунун Токмок шаарында жаңы социалдык шаарча ачылды. Андагы 110 батирге аз камыз болгон үй-бүлөлөр жана жалгыз бой энелер көчуп киришти. Ошондой эле балдардын билим алуусуна ыңгайлуу болушу үчүн 250 орундуу мектеп-интернат салынган.

Душанбе шаарында Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун сессиясы болуп өттү. Ага аталган өлкөлөрдүн президенттери катышып, регионалдык коопсуздук жана эл аралык кызматташтык маселелерин, ошондой эле Афганстандагы кырдаалды жана бирикменин ишине байланыштуу маселелерди карашты. Президент Садыр Жапаров Афганстандагы азыркы кырдаалга олуттуу кабатырлануусун айтып, бирок анын ички иштерине кийлигишпөөнү жактаарын белгиледи. Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча дагы маселени көтөрдү. Саммиттин жыйынтыгында 14 документтке кол коюлду.