Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Алтынды сатуунун жаңы жолдору каралууда

«Кыргыз алтын» ишканасынын Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын тизмесинен чыгарылышынан улам дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров билдирди. Албетте, алдыда күтүлчү кыйынчылыктар бар, ансыз бир дагы бурулуш болбойт. Мындан улам ушул тапта алтынды жеткирүүнүн жаңы каналдары каралып, сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын Жапаров белгилеген. Мындай шартта атамекендик өндүрүшкө көңүл буруп, жаңы экспорттук байланыштарды түзүүгө убакыт келди дешет экономисттер. Алтынды сатуунун дагы кандай жолдору бар?

Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы система менен өтө турган парламенттик шайлоонун бюллетенин көрсөттү. Пропорционалдык система менен өтчү шайлоодо бюллетендин үстү жагына партиянын аталышы, астына анын тизмесиндеги 54 талапкердин номери коюлат. Ал эми бир мандаттуу округдан шайлоо бюллетенинде талапкерлердин аты-жөнү катары менен жазылган.

Дем алыш күндөрү маданий иш-чараларга абдан бай болду. Алардын бири Кожомкул атындагы спорт ортосунда өткөн “Japan Day” иш-чарасы. Япон маданият сүйүүчүлөрү үчүн бул кубанычтуу саамалык. 2 жылдан бери пандемияга байланыштуу өтпөй келген Жапон күнү бул жылы көрүүчүлөрдү эмнелери менен таң калтырды?

Борбор калаадагы эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордо балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү ачылды. Улуттук борбордун курулушун баштан-аяк “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду каржылады.

Өткөн ишембиде дүйнө жүзү боюнча 25 миллион адам, бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өткөрүштү. Кыргызстан дагы 4 жылдан берки аталган акциянын активдүү катышуучусу. Салттуу түрдө бул күнү 180 өлкөнүн булуң-бурчунда ишембиликтер өткөрүлөт. Тазалык күнүн бишкектиктер кандай белгиледи?

«Мисмилдирик» жана «Бакшы менен Чынгыс хан» романдарынын автору Арслан Койчиевдин жаңы китеби жарык көрдү. Жазуучунуну «Добул-Таштык Заратустранын аңгемеси» аталышындагы эмгеги оболу түрк тилинде басылып чыкты. Китептин бет ачарын Евразия жазуучулар Бирлиги өткөрдү.

Кыргызстанда экономика калыбына келе баштады. Бул тууралуу экономика жана финансы министрлиги маалымдоодо. Билдирмеге ылайык апрель айынан тарта ЕАЭБ мамлекеттеринде экономкалык активдүүлүк байкалып, аталган өлкөлөрдөн акча которуулар 21% өсүп, жети айда дээрлик 1,5 млрд. долларды түздү. Ал эми дүң соода жүгүртүү 11% жогорулап, өз кезегинде кызмат көрсөтүү жана курулуш тармактарына оң таасирин тийгизген. Министрлер кабинети менен Улуттук банктын тийиштүү жардамы экономикага насыялардын көлөмүн арттырган. Алсак, жыл башынан бери ишкерлерге дээрлик 65 млрд. сомдой насыя берилди. Ар бир эле мамлекетте орто жана чакан бизнес экономиканын негизги өзөгүн түзөт. Калкты тамак-аштан тартып, кийим-кече, күнүмдүк керектелчү товарлар, ар түрдүү кызматтар менен ишкерлер камсыз кылып турары талашсыз. Аларга мамлекет тарабынан дагы кандай колдоолор көрсөтүлүп жатат?