Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ырчы Кумар Алдаяров жеке концертинен күтөт

КР УКМК тарабынан мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча көрүлгөн иш-чаралардын алкагында Өкмөттүн Чүй облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү «А.Т.Д.» мыйзамсыз баюу фактыларын аныктады.
Тергөө учурунда, аталган «А.Т.Д.» жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткан учурунда, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып мыйзамсыз баюу жана материалдык пайдалар менен артыкчылыктарга ээ болуу үчүн, мыйзамсыз түрдө активдерин көбөйткөндүгү, легалдаштыруу максатында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн кымбат объектилерин сатып алгандыгы, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын бир катар коммерциялык банктарына финансылык инвестицияларды салгандыгы аныкталды. Ошол эле учурда кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул активдерди башка адамдардын атына катталган.
Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, «А.Т.Д.» жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, 2 уна токтотуучу жай, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 авто унаа, жана ошондой эле ошондой эле «Ысык-Ата» курортунун территориясында бутпеген курулуш объектилерди каттаган.
Белгилей кетсек, «А.Т.Д.» жана анын жакын туугандары активдери, киреше жок болгон учурда да кескин көбөйүп, 250 миллион сомдон ашык бааланган.
КР УКМК чогулткан материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктту (мыйзамсыз баюу) фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүшкө катталып, бул иштин алкагында бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды жана алар мыйзамсыз алган мүлктү аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө.