Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Б. Райымкулов: «Максатым жаштарды спортко кызыктыруу»

Жаштарды спорт аркылуу бириктирүү. Панфилов районунун Киров айылында спорттун алты түрү боюнча 15чи -турнир Чүй облусунан 60тан ашуун команданын катышуусу менен өттү, алардын арасында дүйнө чемпионаттарына катышкандар дагы бар.

Бишкекте «Жол картасын ишке ашыруунун натыйжасы катары Кыргыз- Өзбек ишкер аялдарынын диалогу» эл аралык аялдар бизнес форуму өттү. Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикасынын түрдүү тармактарынын 100гө жакын лидер аялдары өз бизнеси тууралуу сүйлөшүп, тажрыйбасы менен бөлүшүп, эң башкысы өз ара пайдалуу кызматташуу боюнча ишкердик байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Пермдеги университетке куралдуу кол салуудан курман болгон жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министрлиги Орусиянын укук коргоо органдарына шилтеме кылып билдирди. Буга чейин Президент Садыр Жапаров Владимир Путинге жана орус элине окуяга байланыштуу көңүл айткан. Бул каргашалуу окуяга байланыштуу Кыргызстандындагы билим берүү жайларында да коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Бириккен улуттар уюму Кыргызстанга тоолорду туруктуу өнүктүрүү, ошондой эле COVID-19 пандемиясын жеңүү жаатындагы ишмердүүлүгүнө жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу БУУнун Башкы катчысынын жаңы дайындалган орун басары Кортни Раттрей Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен болгон жолугушууда билдирди. Ал деңизге чыга албаган тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бурууга ниети бар экенин белгилеп, Кыргызстан менен кеңири кызматташууга даярдыгын маалымдады. Эске салсам, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгына катышуусунун алкагында Нью-Йоркто иш сапары менен жүрөт.

Кыргызстандын дагы бир нече белгилүү жайын жакын арада ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүү пландалууда. Бул маселелерди күн мурун өлкө башчысы Садыр Жапаров ЮНЕСКО Кыргызстандагы регионалдык өкүлү Криста Пиккатты кабыл алган учурда талкуулады.