Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

ырчы Азиз Батыров: » Кыргыз тили мени кыргыздын эрке баласы кылды»

15 жыл аралыгында 250гө жакын кыргызстандык мамлекеттик кызматкер Япониядан билимин жогорулатып келди. Бул тууралуу мамлекеттик кадр кызматы билдирди. Токио гранттык жардам катары алардын бардык чыгымдарын каржылайт. Бул долбоорго мамлекеттик жана муниципалдык кызматта кеминде эки жыл иштеген 22ден 40 жашка чейинки жарандар катыша алат. Япон Жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган стипендиат анлис тилинде эркин сүйлөп, сабаттуу жаза билиши зарыл.

Жаштарда диндер тууралуу кенен түшүнүк калыптанганда гана терс диний агымдарга кирип кетүү коркунучу жоюлат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн “Дин жана азыркы заман: аймактык коопсуздуктун өзгөчөлүгү” аттуу конференциянын катышуучулары айтты. Анын жүрүшүндө мектеп окуучуларына диндер тууралуу сабак киргизүү пландалып жатканы маалым болду. Мамлекеттин бул аракети кандай жыйынтык берет?

Кыргызстанда абийирсиз инвесторлор чоң киреше издеп экологияга олуттуу зыян келтирген учурлар бар. Бул утууралуу Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы видеокайрылуусунда билдирди. Ал улуттук мыйзамдарга ылайык, кыргыз бийлиги мындай мыйзамсыз иштерге бөгөт коюп жатканына токтолду. Жапаров Огганстандан БУУ мекемелерин эвакуациялоо жүрүп жатканын эске алып, аларды Бишкекке убактылуу жайгаштырууну демилгеледи.

Активдүү жашоо образын сүйгөндөр үчүн жекшемби күнү борбор калаабызда “Run the silk road” марафону өткөрүлдү. Аталган марафон мамлекетибизде 2012-жылдан бери уюштурулуп келет. Алгачкы марафонго 800 эле адам катышса, жылдан-жылга анда чуркагандардын саны көбөйүүдө.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында “Биз сүйлөйбүз, сиз сүйлөңүз!” аттуу жаңы теледолбоор даярдалат. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аида Ишениалиева билдирет. Долбоорго кыргыз тилин үйрөнүүнү каалаган бардык жарандар катыша алат, алардын жашына, тил билүү деңгээлине чектөө коюлбайт.

Өлкөнүн маданият кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү. Жапаров аларга улуттук баалуулуктарды жана каада-салттарды сактап, келечек муунга жеткиргени үчүн ыраазычылыгын билдирди. Президент Маданият чеберлерин ар дайым колдой турганын жана алардын чыгармачылык иштеринин жигердүү болушу үчүн мамлекет зарыл чаралардын баарын жасайт деп ишендирди.

Жапаров ишинде өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Мамлекет башчысы дарыгер, мугалим, машыктыруучу, укук коргоочу жана башка ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.