Шейшемби, 16 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

ЕАЭБге мүчө өлкөлөр биригип пандемияга каршы күрөшөт

Коронавирус менен күрөшүү үчүн Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн медициналык кызматтарынын биргелешкен ишмердигин уюштуруу керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков, бүгүн Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин мүчөлөрүнүн видеоконференция форматындагы жумушчу жыйынында сунуштады. Ал бүгүнкүдөй кыйын мезгилде ЕАЭБдин бардык жарандары үчүн социалдык жана медициналык колдоонун бирдиктүү механизмин кабыл алуу керектигин кошумчалап, биримдикке мүчө өлкөлөр биригип бул илдетке каршы күрөшүү керектигин баса белгиледи. Белгилей кетсек, биримдикке Россия, Казакстан, Белорусь, Армения жана Кыргызстан кирет.

#ПирамидаЖанылыктар #ПирамидаНовости #14апреля2020 #коронавирус #covid #covid-19 #президент #карантин #комеданты #коменданскийчас #сооронбайжээнбеков #кубатбекборонов #мухаммедкалыйабылгазиев #пм #премьерминистр #вицепремьерминистр #алмазорозалиев #комендант

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *