Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ереванда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму болуп өттү

Саясий жаңылыктардын өзөгү бүгүн Армениянын борбор шаарында болуп жатат. Буга ылайык, аталган шаарда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму болуп өттү. Жыйынтыгы боюнча ондогон маанилүү документтерге кол коюлду. Анын ичинде ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүү жөнүндө дагы документ бар. Кеңейтилген форматтагы жолугушууга Евразия экономикалык бирлигине байкоочу-мамлекет катары катышып жаткан Молдова Республикасынын атынан Молдованын Президент Игорь Додон катышты. Ал эми Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Рухан жана Сингапур Республикасынын Премьер-министри Ли Сянь Лун ардактуу конок катары Жогорку Кеңештин ишине катышышты. Айта кетсек, ЕАЭБ өлкөлөрү жана Сингапур менен эркин соода тууралуу документтердин топтомуна кол коюшту.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *