Кластердик мамилени өнүктүрүү үчүн каржылык институттар менен бийлик биригет

25

Аймактарды өнүктүрүү эми кластердик система менен ишке ашат. Ага өлкөнүн ар кыл каржы институттары көмөк көрсөтөт. Бүгүн, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен аймактарды кластердик система менен өнүктүрүү үчүн түзүлгөн координациялык топтун биринчи жыйыны өттү. Анда аймактарды өнүктүрүү, ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн аткарыла турчу маселелер талкууланды.