Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасы маалымат тармагында кызматташуу боюнча иштерди аткарып жатат

9- сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Казакстан Республикасынын “Казакстан” телеканалынын өкүлдөрү Кенжебай Дюсембиев жана Талап Жакупов келди.

Алар, министрдин орун басары Салтанат Аманованын кабыл алуусунда болуп, буга чейин Кыргыз Республикасынын делегациясы Нур-Султан (Казакстан Республикасы) шаарына бир катар мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши менен таанышып, аны ишке ашыруу максатында келгендиг тууралуу сүйлөшүү жүргүзүштү.

Салтанат Аманова эки тараптуу мамилелерди чыңдоого мындай алаканын түзүлүшү эң мыкты аянтча экендигин белгилеп, Нур- Султан шаарында «Пирамида» «Медиа-холдинги жана «Казакстан» РТРК» АК кызматташтыгы тууралуу Меморандумга кол коюлгандыгына токтолду.

Меморандумда Кыргызстан менен Казакстан Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жана Казакстан Республикасынын эл акыны Мухтар Шахановдун достугунун үлгүсүндө эки бир тууган элдин достугу тууралуу толук метраждуу биргелешкен даректүү тасма тартуу жөнүндө макулдашылгандыгы белгиленет.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө «Казакстан» РТРК» АКсы министрдин орун басары Салтанат Амановадан даректүү тасмагы кошуу үчүн интервью алып, мындан аркы жасала турган иш- аракетерди талкуулашты.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *