Шейшемби, 23 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Өлкө боюнча быйыл 9 миң тонна таштанды чогултулду

Үстүбүздөгү жылы “Экологияны таза сактайбыз” акциянын алкагында 9 миң тонна таштанды чогултулду. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу миң тоннага көп. Мындай пикирин «Эко Деми» коомдук фондунун өкүлү Венера Мамбетмусаева маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, экологиялык акцияга катышууну каалаган жарандардын саны жыл сайын өсүп жатат. Бул ирет 6 жашар баладан 80 жашка чейинки кары адамдар, мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү акцияны колдоп, активдүү катышкан.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *