Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Икрамжан Илмиянов 7 жылга эркинен ажыратылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов 7 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту кабыл алды. Аны менен бирге ага 160 миң сом айып салынып, мүлкүн мамлекеттин эсебине алуу чечими чыкты. Илмияновго, жүк ташуучу унааларга коюлган камакты алып салуу үчүн бир фирмадан 150 миң доллар алган деген айып тагылып жаткан. Бүгүн бишкек шаарынын төрт райондук сотунда да тең мурдагы аткаминерлердин иштери каралды.

Беш депутат жана КСДПнын эки өкүлү Атамбаевдин экс-президент макамынын алынышына жол берген мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү карап чыгуу өтүнүчүн Конституциялык палатага жолдогон болчу. Конституциялык палата ишти арызды кечээ карап баштап бүгүн чечим чыкты. Ага ылайык беш депутат жана КСДПнын эки өкүлүнүн Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылышынын мыйзамдуулугу боюнча талаштуу доосун канааттандыруудан баш тартып, Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышын Конституцияга каршы келбейт деп тапты.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда крим төбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча алдын ала соттук угуулар өтүүдө. Айыпталуучулардын арасында мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдор бар. Булар менен бирге негизги фигурант катары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да шектүү катары өтүүдө.