Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Акыркы эки жылда акысыз гемодиализге 1 миллиард 600 миллион сом бөлүндү

Акыркы эки жылда акысыз гемодиализге 1 миллиард 600 миллион сом бөлүндү. Учурда бул акысыз гемодиализ менен дарыланып жаткан бейтаптардын саны бир жарым миңден ашуун. Алардын бардыгы милдетүү мамлекеттик камсыздандыруу фонду аркылуу мамлекеттин каржылоосу менен акысыз дарыланышат. Күн санап дүйнө жүзүндө бөйрөк оорусу менен жабыркаган жарандардын саны өсүүдө жана ал өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан дагы бар.