Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде “Жашоо дарак” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде “Жашоо дарак” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Ага 6-класстын окуучусу Бек Нуркалый уулунун жана ошол курактагы балдардын сүрөттөрү коюлган. 100дөн ашык эмгектин автору болгон Бек Нуркалый уулу азыр 13 жашта. Өнөр ээси төрт жашка чейин сүйлөгөн эмес. Бирок сүрөт тартып баштаган соң тили чыгып, жакындарын кубанткан. Адистердин айтымында, сүрөт тартуу аң сезимди өрчүтүп, тилдин чыгышына чоң жардам берет.