Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Китеп- көөнөрбөс, өчпөс, түбөлүктүү байлык

“Бир адамдан бир китеп” долбоорунун алкагында өлкө аймагындагы 161 китепкананын фонду 30 миңден ашуун китеп менен толукталды. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен ишке ашкан проект окурмандардын интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу, маданият кызматкерлерине ар тараптан колдоо көрсөтүү, акын-жазуучулардын чыгармаларын элге таанытуу максатын көздөйт. Туура бир жыл мурда өз ишин баштаган долбоор кыска убакыт аралыгында жети дубанды кыдырып, бир топ иш-чараларды өткөрүүгө жетишкен. Алардын бири катары көпчүлүккө маалым болгон “Китеп той” аталышындагы семинар-тренинги жана “Китеп тайм” республикалык олимпиадасын айтсак болот.