Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бишкекте өрт коопсуздугун сыноо лабораториясы ачылды

Бишкек шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт коопсуздугун сыноо лабораториясынын ачылыш аземи болду. Бул лаборатория өз кезегинде ар кандай жабдыктардын өрткө туруштук берүү сапатын жана өрт кырсыктары катталган учурда анын келип чыгуу себептерин изилдөөдө колдонулат. Ошондой эле министрлик Бишкек жана Ош шаарларына салынып жаткан көп кабаттуу жаңы үйлөрдүн курулуш материалдарынын өрткө каршы сапатын текшерүүгө мүмкүнчүлүк болоорун айтышты.
Улуттук фтизиатрия борборунун кургак учукту аныктоочу референс-лабораториясынын иши санариптештирилди. Бул иштер бейтаптарга жакшы шарт түзүү менен дарыгерлердин ишин жеңилдетүү максатында жасалып жатат. Бүгүн аталган жайга пресс-тур уюштурулду
Өлкөдө эми жарык берүүчү аспаптардын сапатын жана майнаптуулугун текшерүү иштери жүргүзүлө баштайт. Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын алкагында,“Россия Федерациясынын Трасттык фондунун каржылык колдоосу менен заманбап лабораториялык шаймандар алынып келинди. Тагыраагы, гониофотометрикалык орнотуу, спектрорадиометр, фотометрикалык шар, калибровкалоочу лампалар жана башка кошумча аспаптар. Анын жалпы суммасы 120 миң АКШ долларын түздү.