Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Республика боюнча 2106 мектеп интернет менен камсыздалды

Соңку жылдары билим берүү тармагына мамлекет тарабынан олуттуу көңүл бурулуп жатканын байкаса болот. Тармакка жыл сайын республикалык бюджеттен сезилээрлик каражаттар бөлүнүп, билим берүү мекемелериндеги башкаруу системалар санариптештирилүүдө. Өткөн жылы өлкө аймагындагы мектептердин 99 пайызы интернетке туташтырылган. (2)Бул көрсөткүч 2018-жылы 67 гана пайызды түзгөн. Быйыл алыскы тоолуу аймактарда жайгашкан дагы 31 мектеп интернетке туташтырылат.

Бишкек шаарындагы үч мектепке кошумча окуу имараты салына баштады. Бул мектептерде окуучулардын саны эсептелгенден көп болгондуктан, үч сменада окууга туура келчү. Бишкектин жашоочулары жыл санап өсүп жаткандыгына байланыштуу жаңы мектептерди куруу талабы курч. Айрым мектептерде окуучулар класска батпай бир партага үчтөн-төрттөн отурган учурлар көп эле айтылып жүрөт. Жаңы курулуп жаткан мектептер бул көйгөйдү чечүүгө салымын кошот дешет адистер.

Жемкорлордон түшкөн каражатка Ош шаарындагы Н.Нариманов атындагы №7 мектеп-гимназиясынын дагы кошумча корпусу салына баштады. 500 орундуу бул имараттын курулушуна 54 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Белгилей кетсек, депозиттик эсеп 2018-жылдын июль айында президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен ачылган. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн. Дал ушул атайын эсептен Бишкек жана Чүйдө 7ден, Ошто 1 мектептин курулушуна 799 млн сом бөлүнгөн эле.

Бирдиктүү депозиттик эсептен 15 мектептин курулушу каржыланууда. Анын 7 си Чүй облусунда, дагы 7 си Бишкек шаарында жана 1 мектеп Ошто курулат. Ага атайын эсептен жалпы 799 млн сом каралган. Бүгүнкү күндө 2 объектте курулуш иштери жүрүп жатат. Бул эки мектептин курулушу 2020-жылдын май айында аяктап, пайдаланууга берилет.

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын тасактануусу боюнча атайын рецептердин китеби жарык көрдү. Китеп БУУнун дүйнөлүк азык түлүк программасынын чегинде басылып чыгып, эми өлкөдөгу билим берүү мекемелерине таркатылмакчы. Жыйнакта Кыргызстандын окуучуларына ылайыкталган 150 рецепт камтылган.