Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Лабораторияларды өркүндөтүү менен товарларды тоскоолдуксуз экспорттоону камсыздайбыз

Кыргызстандагы ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар ЕАЭБдин талаптарына жооп берет. Өткөн жылдын аягында лабораторияларга керектүү жабдуулардын баары алынып келинген. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Түндүк аймак боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна барды.

Суроо-талап сунушту пайда кылат. Дүкөндөрдүн текчелеринде тизилген товарларды көрүп, биз импорттук товарларга артыкчылык берерибиз дароо байкалат.. Биз эмне үчүн чет элдиктерге ооз толтура мактаган «Made in KG» брендин өзүбүз аз сатып алабыз?

Кыргызстанга келүүчү туристер жана чет өлкөнүн жарандыгын алган кыргыздар үчүн жеңилдетилген визалар 15-январдан тарта бериле баштайт. 2019-жылдын соңунда өкмөт тарабынан визаларды тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө атайын токтом кабыл алынган. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки күндүк иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдырууда. Анын алкагында өкмөт башчысы мектептин курулушу, оңдоодон өткөн жолду пайдаланууга берүү, суу топтомунун ачылышы өндүү бир катар социалдык мекемелердин ачылыш аземине катышып, инфраструктуралык жана өндүрүш объектилеринин курулушу менен таанышты.

Жашыл сатып алуулар — бул айлана-чөйрөгө зыян келтирбөөчү азыктар жана кызматтар. Алар экологияны таза сактоо менен бирге экологиянын эффективдүүлүгүн жакшыртып, инновациялык ойлоп табууларга жол ачат. Бүгүн борбор калаада “Кыргызстандагы «жашыл» сатып алуулар — реалдуулукпу же кыялбы?” деген темада туруктуу мамлекеттик сатып алуулар боюнча тегерек стол өттү.

Кыйынчылык шарттарына карабай, бийликтин бардык бутактарында бирдиктүү өнүгүүдө келе жатат. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда «Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» долбоорун кароодо билдирди. Премьер министр бул мезгил аралыгында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берип, бюджет өзүнүн социалдык багытын сактап калгандыгын белгиледи. Мисалга алсак, бир нече социалдык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды.
Бүгүн Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин 13 пилоттук токой чарбасына 129 даана атайын техникалык каражаттар жана заманбап жабдуулар тапшырылды. Заманбап техникалар “Өлкөнүн токой экосистемаларын интеграциялык башкаруу” долбоорунун алкагында сатылып алынды. Анын жалпы сууммасы 70 млн сомду түзүп, ал Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонду тарабынан каржыланды. Техникаларды тапшыруу аземине Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да катышты.
Бишкектин жаңы конуштарына газ киргизүү ийгиликтүү ишке ашууда. Бул ирет баш калаанын Аска-Таш жаңы конушуна көгүлтүр от киргизилип, жашоочулар жаратылыш газы камсыз болушту. Калктуу конушка газ берүү салтанатына Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынын кызматкерлери, “Газпром Кыргызстан” компаниясынын өкүлдөрү жана конуш жашоочулары катышты.

Апрель айында Орусиядан Кыргыз мамлекетине акча которууга айына 100 миң рубль көлөмүндөгү чектөө киргизилген. Өткөн аптада Москва шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүп, ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Анда кыргыз тараптан чектөөнү алып салуу боюнча демилге көтөрүлгөн. Бирок эч кандай чечим кабыл алынбай, бул маселе Евразия өкмөт аралык кеңешинин кийинки жыйынында карала турган болду.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту. Анда Өкмөт башчы Арсендей балдар Кыргызстандын эртеңки келечеги экенин айтып, ийгиликтерди каалады.
18-октябрь социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Буга ылайык, Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармонияда аталган кесип ээлерин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев куттуктап, өзү дал ушул тамакта эмгек жолун баштагандыгын эскерип өттү. Кесип ээлерине ыраззычылык билдирүү менен бул тармакта үзүрлүү эмгектенип келе жаткан кызматкерлерди ардак грамота жана белектер менен сыйлады.

Кыргызстан көпчүлүк товарлардын түрлөрүн,  кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумушчу күчүн сырттан сатып алаары белгилүү. Бирок мындай тенденцияны бүгүнкү күндө азайтып коюуга болот. Буга ылайык  мамлекеттик сатып алуулар системасы ата мекендик товарды өндүрүүгө жана өлкөнүн өндүрүш тармагын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөт. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн өкмөттүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча кеңешме жыйында  ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу менен биз ата мекендик бизнести өнүктүрүүдөбүз деп баса белгиледи.

Борбор калаада «Эл аралык франчайзинг жана соода ЭКСПО» старт алды. Иш-чарага Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышып, ЭКСПОнун инвестиция тартуу үчүн орду чоң экендигине токтолду. Ошондой эле көргөзмөгө миңден ашуун кыргызстандык жана борбор азиялык ишкерлердин катышууда. Иш-чарада көргөзмөдөн сырткары, тармактык багыттарга арналган талкуулар эки күн бою өткөрүлөт.