Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Борбор калаада резонанстуу сот ишинин дагы бири аяктады

Борбор калаада резонанстуу сот процесстеринин дагы бири аяктады. Коррупцияга айыпталган мурдагы мэрлер жана дагы 11 айыпталуучуга карата сот өкүмү чыкты. Анда белгилүү болгондой Албек Ибраимов 15 жылга кесилсе, калгандарына айып пул салынып, сот залынан бошотулду.

Бишкектин Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлерге өкүм чыгып, анда Албек Ибраимов 15 жылга кесилсе, Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айып салынып, абактан бошотулду. Өкүмдү судья Кубанычбек Касымбеков окуп берди. Ал эми булар менен катар айыпталып жаткан 11 жаранга айып пул салынып, алар да сот залынан кое берилди.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 13 айыпталуучуга, алардын ичинде мурдагы мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовго карата каралып жаткан кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум ɵткɵрүлдү. Анда айыпталуучу Ибраимов жана анын жактоочусу “Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жер тилкелерин бɵлүп берүү эпизоду” боюнча жарыш сɵз сүйлɵштү. Ал эми Кулматовдун жактоочусунун жарыш сөзү аяктаган жок.