Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Шайлоону өткөрүүгө бардык даярдык иш-чаралары өлкө мыйзамдарына ылайык жүрүп жатат

Апрель айында жергиликтүү кеңештердин, ал эми күз айларында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болору маалым. Мындай ири саясий окуялар өткөнгө чейин тиешелүү мыйзамдарга толуктоолор менен катар өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Алсак, Жогорку Кеңештин кароосундагы шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик механизмдерин киргизүү жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча мыйзам долбоору жакын арада парламенттин жалпы жыйынында талкууланганы турат.

Былтыр өлкө аймагындагы айылдык кеңештерге айымдарга 30 пайыздык квота берүү боюнча мыйзам кабыл алынганы баарыбызга маалым. Анын башкы себеби катары көптөгөн жергиликтүү кеңештерде депутат аялдардын жок болгондугу айтылып келген. Шайлоого аттанам деген айымдарды даярдоо жана мыйзамдык, укуктук жол-жоболорду үйрөтүү максатында лидерлик мектеби түзүлдү.

Өкмөт полимер менен пластикалык материалдарды утализациялоо боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул документтин долбоору күнүмдүк турмушта колдонулуп жүргөн желим баштыктардын калдыктарын азайтуу максатында иштелип чыкты. Коомдук талкууга чыккан мыйзам долбоор кандай максатта иштелип чыкты, эмнени шарттайт?