Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Өрт кырсыктары күн сууктагандан тарта көп катталат

Өрт кырсыктары айрыкча күн сууктагандан тарта көп катталат. Буга сууктан сактанып, үйдү ар кыл электр приборлору менен жылытууну көздөгөн жарандар коопсуздукту көз жаздымда калтырып келгени себеп. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы бир сутка ичинде эле өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталган.
“Кылычын сүйрөп, кыш келе жатат” демекчи акыркы күндөрү күн сууктай түшкөндүктөн жумурай журт жабыла көмүр сатып ала баштады. Азыркы тапта анын баасы 3800-4000 сомдон сатылып жатат.